Нарын райондук мамлекеттик админстрациясына 2023-жылы келип түшкөн кайрылуулар боюнча маалымат
«Жарандардын кайрылууларын кароо тартиби жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын талаптарын сактоо жана аткаруу, жарандардын арыз даттанууларына, кайрылууларына, сунуштарына принциптүү мамиле жасоо, аларды кунт коюп угуу, ар бир кайрылуунун артында конкреттүү адамдын турмуштук түйшүктөрү, көйгөйлөрү бар экенин жана аларды өз убагында карап, жүйөлүү өтүнүчтөрүн убагында чечип берүү мамлекеттин негизги артыкчылыгы болуп саналат.
Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрациясынын 2022-жылдын 5-сентябрындагы №22-4206 тапшырмасына ылайык, Нарын райондук мамлекеттик администрациясынын башчысы-акимдин буйругу менен бекитилген графикке ылайык акимдин орун басарлары жана тиешелүү мекеме жетекчилери менен биргеликте айыл аймактардагы жергиликтүү тургундардын жүйөөлү арыз даттанууларын, көйгөйлөрүн жеринде карап, чечүү үчүн жолугушуулар өткөрүлгөн.
Ушул эле тапшырмада көрсөтүлгөндөй социалдык түйүндөр аркылуу чыгып жаткан кайрылууларды мониторинг жүргүзүү жана Кыргыз радиосунда ар жуманын бейшемби күндөрү болуучу «Биринчи кабылдама» радио уктуруусунда берилген арыз даттануулар менен иш алып баруучу үчүн жооптуу кызматкер Нарын райондук мамлекеттик администрациясынын 2022-жылдын 8-сентябрындагы №235-б буйругу менен бекитилип иш алынып барылууда.
Нарын райондук мамлекеттик администрациясына 2023-жыл ичинде жазуу жүзүндө 110 арыз даттануу катталган келип түшкөн арыз даттануулардын мүнөзүнө жараша бөлүп алсак:
-Жетекчилер жөнүндө-10
– пенсия, пособие боюнча-3
– саламаттык сактоо, билим берүү жана маданият маселелери боюнча-3
-жайыт жер , үлүш жана үй курууга жер аянтын бөлүү боюнча-36
– материалдык жардам көрсөтүү боюнча–17
– квартира, турак жай курулуш, менчиктештирүү маселелери боюнча-21
– эмгек акы, иштен туура эмес бошоткондугу жөнүндө-2
– башка маселелер боюнча-18
Баардыгы -110
Ал эми айыл аймактар боюнча алсак:
Дөбөлү айыл өкмөтүнөн-17
Чет-Нура айыл өкмөтүнөн-5
Мин-Булак айыл өкмөтүнөн-31
Жерге-Тал айыл өкмөтүнөн-22
Жан-Булак айыл өкмөтүнөн-
Учкун айыл өкмөтүнөн-13
Эмгек-Талаа айыл өкмөтүнөн-10
Нарын шаары -11
Бишкек шаары -1
Баардыгы -110
Булардын ичинен эщ көп кайрылуу Мищ-Булак, Жерге-Тал, Дөбөлү айыл өкмөттөрүнөн келип түшкөн.
Кыргыз Республикасынын Президентинин 2022-жылдын 11-октябрындагы №197 тескемеси менен бекитилген “Коомдук кабылдамалар жөнүндө” жобонун талаптарын аткарууга карата Нарын райондук мамлекеттик администрациясынын имаратынын 1-кабатынан бир бөлмө жарандарды кабыл алуу үчүн бөлүнүп, керектүү жабдыктар менен камсыздалып, интернет байланышына туташып, жарандар кабыл алынууда. Акимдин жеке кабыл алуусу жуманын шаршемби күнү, биринчи орун басары бейшемби күнү жана орун басары жума күндөрү кабыл алуу жүргүзүшүүдө. Кабыл алуулар үчүн атайын журнал уюштурулуп, катталууда.
Коомдук кабылдамада 2023-жыл ичинде 201 жаран кабыл алынып, тиешелүү жооптору берилип, түшүндүрүү иштери жүргүзүлгөн.