✅Бүгүн, 22-декабрда Нарын райондук мамлекеттик администрациясынын башчысы-аким Нуридин Мадимаров Нарын районунун социалдык-экономикалык өнүгүшүнө салым кошуп жаткан ири салык төлөөчү ишкерлер менен жолугушуу өткөрдү.
Жолугушуунун жүрүшүндө аким ишкерлерге ыраазычылык билдирип, район аймагында жүргүзүлүп жаткан өнүгүү иштерине кошкон салымдарын жогору баалады.
Ишкер чөйрөсүнүн активдүү катышуусу менен аймактагы социалдык жана экономикалык багыттагы бир топ иштер ийгиликтүү аткарылып жатканын белгиледи.
Мындан тышкары, жолугушууда алдыдагы 2026-жылга карата сунуштар, пикирлер айтылып, мындан аркы кызматташуу багытында ачык пикир алмашуу болду.
Район жетекчилиги ишкерлер менен тыгыз кызматташууга ар дайым даяр экенин билдирип, аларды өнүгүүгө карай биргелешип аракеттенүүгө чакырды.

Жооп калтыруу