Бүгүн, 24-декабрда Муса Баетов атындагы райондук маданият үйүндө көөнөргүс улуттук салттарыбыздын бири болгон “Кыз-жигит сармердени” оюнунун финалдык туру өткөрүлдү.
Салттуу оюн саламдашуу менен башталып, андан соң “Манас” баяны жаңырып, кыз-жигиттердин өнөр таймашы менен уланды.
Катышуучулар улуттук аспаптарда күү чертип, ыр ырдап, бий бийлеп, жаңылмач айтып жана табышмактардын жандырмасын таап көрүүчүлөргө маанай тартуулашты.
Калыстар тобунун жыйынтыгында:
– 1-орун — кыздар командасы, 15 000 сом акчалай сыйлык;
– 2-орун — жигиттер командасы, 10 000 сом акчалай сыйлык менен сыйланышты.
Мындан сырткары катышуучуларга баалуу белектер тапшырылып, салттуу оюн жогорку деңгээлде жыйынтыкталды.









