НАРЫН РАЙОНДУК ЖАРАНДЫК КОРГОНУУ КОМИССИЯСЫНЫН КЕЗЕКТЕГИ ОТУРУМУ ӨТТҮ

Бүгүн, 27-ноябрда администрациянын жыйындар залында 2025-2026-жылдардын кыш мезгилинде күтүлүүчү өзгөчө кырдаалдардын алдын алуу жана
кесепеттерин жоюу боюнча жарандык коргонуу комиссиясынын кезектеги отуруму өткөрүлдү.
Жыйында төмөнкү маселелер каралды:
– Район аймагындагы табигый жана техногендик мүнөздөгү өзгөчө кырдаалдарга даярдык;
– Кыш мезгилинде катаал аба ырайына байланыштуу кырдаалдардын алдын алуу чаралары;
– Кар көчкү, жолдордун жабылышы сыяктуу кырсыктардын алдын алуу жана өзгөчө кырдаалдарга ыкчам жооп кайтаруу боюнча мекеме-ишканалардын даярдыгы;
– Ар кандай жылышуу жана табигый процесстердин коркунучтарын талдоо жана кооптуу аймактардагы алдын алуу иштери.
Комиссия мүчөлөрү тарабынан тиешелүү жетекчилерге оперативдүү аракеттерди көрүү, материалдык-техникалык резервди толуктоо жана жарандардын коопсуздугун камсыз кылуу боюнча тапшырмалар берилди.

Жооп калтыруу