НАРЫН РАЙОНУНДА ЖОГОРКУ КЕҢЕШТИН ДЕПУТАТТАРЫН ШАЙЛООГО ДАЯРДЫК БОЮНЧА ШТАБ ЖЫЙЫНЫ ӨТТҮ

Нарын районунда 2025-жылдын 30-ноябрында өтө турган Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттарын мөөнөтүнөн мурда шайлоону даярдоо жана өткөрүү боюнча райондук штабдын жыйыны болуп өттү.
Жыйында шайлоону уюштуруудагы негизги маселе катары шайлоо участкаларын талапка ылайык жабдуулар менен камсыздоо маселеси көтөрүлүп, ар бир участокто шайлоочулар үчүн ыңгайлуу жана коопсуз шарттарды түзүү тапшырмасы берилди.
Ошондой эле жыйында мамлекеттик жана муниципалдык кызматкерлерге, айрыкча мектеп, саламаттык сактоо, айыл өкмөт тармагында иштеген кызматкерлерге шайлоо алдындагы үгүт иштерине катышпоо боюнча катуу эскертүү жасалды.
Шайлоонун мыйзамдуулукта жана ачык-айкын өтүшү үчүн бардык тараптар жоопкерчилик менен мамиле кылуу керектиги белгиленип, райондук штаб мындан ары да көзөмөл иштерин уланта турганын билдирди.

Жооп калтыруу