Кышкы каникул мезгилинде окуучулар үчүн ар түрдүү иш-чаралар өтүүдө✅

Нарын райондук мамлекеттик администрациясы тарабынан бекитилген иш-чаралар планынын алкагында, билим берүү ,маданият жана спорт тармактарында 12 күндүк кышкы каникул учурунда мектеп окуучулары үчүн ар түрдүү маданий жана спорттук иш-чаралар өткөрүлүүдө.
Иш-чаралардын негизги максаты — окуучулардын бош убактысын мазмундуу өткөрүүгө шарт түзүү, чыгармачылык жана интеллектуалдык жөндөмдөрүн өнүктүрүүгө көмөктөшүү.
Ар бир мектеп жана мекеме өзүнүн иш-чаралар графигин түзүп, бекиткен планга ылайык “Кыш керемети” аталышындагы сүрөт сынактары, спорттук эстафеталар, оюн-зооктор уюштурулууда.
Белгилей кетчү жагдай, бардык иш-чаралардын жүрүшүндө окуучулардын коопсуздугу өзгөчө көзөмөлдө.
Бул иш-чаралар окуучулардын активдүүлүгүн жогорулатып, пайдалуу жана коопсуз эс алуусуна өбөлгө түзүүдө.

Жооп калтыруу