Нарын районундагы кышкы эс алуу маалында уюштурулган муз аянтчаларында жарандардын, өзгөчө балдардын коопсуздугун камсыздоо максатында түшүндүрүү иштери жүргүзүлүүдө.
Муз аянтчаларын иштетип жаткан жеке ишкерлерге жана кызмат көрсөтүүчүлөргө коопсуздук чараларын камсыз кылуу, эс алуучулардын коопсуздугу үчүн жоопкерчилик маанилүү экени эскертилди.
Ошондой эле, ата-энелерге жана эс алууга келген жарандарга балдарды кароосуз калтырбоо жана коопсуздук эрежелерин так сактоо боюнча маалымат берилди.










