2026-жылдын 9-январында Ж.Ишеналиев атындагы айылдык клубда окуучулар үчүн «Жаңы күч» аттуу тарбиялык көркөм тасма көрсөтүлдү. Тасма жаштардын руханий дүйнөсүн байытып, адеп-ахлактык баалуулуктарды жана адамгерчилик сапаттарды даңазалаган терең мазмуну менен өзгөчөлөндү.
Иш-чара жаш өспүрүмдөрдүн келечекке болгон көз карашын кеңейтип, өзүнө болгон ишенимин бекемдөөгө жана жашоодо туура чечим кабыл алууга шыктандырууга багытталды.
Ошондой эле Ж.Шералиев атындагы Достук айылдык китепканасында маданият кызматкерлери менен биргеликте “Каникул – кубанычтуу күндөр”аттуу иш-чара өткөрүлүп, китеп көргөзмөсү, интеллектуалдык оюндар жана чыгармачылык тапшырмалар уюштурулду.
Иш-чаранын жыйынтыгында активдүү катышкан окурмандарга чакан белектер тапшырылды.
Бул иш-чаралар окуучулардын кышкы эс алуу мезгилин пайдалуу, кызыктуу өткөрүшүнө шарт түзүү максатын көздөйт.





