НАРЫН РАЙОНУНДА КОЛЛЕГИЯЛЫК ОТУРУМ БОЛУП ЖЫЛ ЖЫЙЫНТЫГЫ ЧЫГАРЫЛДЫ

Бүгүн 30-январда Нарын райондук мамлекеттик администрациясынын жыйындар залында Нарын районунун 2023-жылдагы социалдык-экономикалык ѳнүгүүсүнүн жыйынтыктары жѳнүндѳ жана 2024-жылга коюлган иш милдеттери боюнча коллегиялык отурум болуп өттү.

Коллегиялык отурумга Кыргыз Республикасынын Президентинин Нарын облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн биринчи орун басары Сапаров Адыл Солтоевич, Нарын райондук мамлекеттик администрациясынын  башчысы-аким Мадимаров Нуридин Султанович, коллегия отурумунун мүчөлөрү, райондук мекеме-ишканалардын жетекчилери, айыл өкмөт башчылары, жооптуу катчылар жана мектеп директорлору катышты.

Күн тартибинде төмөнкү маселе каралды:

  1. Нарын районунун 2023-жылдагы социалдык-экономикалык ѳнүгүүсүнүн жыйынтыктары жана 2024-жылга иш милдеттери жѳнүндѳ;

Кыргыз Республикасынын Президенти жана Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети тарабынан берилген тапшырмалары аткарылып, экономикалык багытта райондо өнөр жай продукциясын өндүрүүнүн көлөмү 2023-жылдын жыйынтыгы менен 380 млн 588 миң  900 сомдук өнөр жай продукциялары  өндүрүлгөн, физикалык көлөмдүн индекси 117,5 % камсыз кылынды.

Бюджет жана салык: Мамлекеттик бюджетке 2023-жылдын жыйынтыгы менен пландагы 205  млн 440 миң 600 сомдун ордуна  222 млн 34 миң 700 сом чогултулуп,  план 108,1  пайызга аткарылган, же болбосо мамлекеттик бюджетке 16 млн  594 миң 100 сом ашыкча чегерилген, мунун ичинен республикалык бюджет 112 млн 420,9 миң сомдун ордуна 113 млн 503,3 миң сом чогултулуп,  план 101,0  пайызга аткарылган, же болбосо республикалык бюджетке  1 млн 82,9 миң сом ашыкча чегерилген, ал эми жергиликтүү бюджет  93 млн 19,7 миң  сомдун ордуна 108 млн 530,9 миң сом чогултулуп, план 116,7 пайызга аткарылып, 15 млн 511,2  миң сомго көп чогултулган.

Инвестиция, курулуш  жана  кызмат көрсөтүү: 2023-жылдын 12 айына карата жалпы 3 млрд 711,6  миң сомдук ар кандай долбоорлор аткарылган, анын ичинен республикалык бюджеттен   200  млн  478,7 миң сом (стим грант 15 млн  495,1  миң сом, капиталдык салымдар 184 млн 983,6 миң сом), жергиликтүү бюджеттен  42 млн  676,9  миң сом, эл аралык уюмдардан 444 млн 224,7  миң сом, жергиликтүү фонддордон 41 млн 985,5 миң сом, жеке ишкерлер тарабынан  2 млрд 982  млн  251,8  миң сом.

Райондун аймагында  ири долбоорлор: Солтон-Сары кенинде Кыргыз-Кытай “Жон Жи Майнинг компани” биргелешкен ишканасы  тарабынан алтын ылгоочу фабрика, “Нарын өндүрүштүк ишканасы” ЖЧК тарабынан кубаттуулугу 100 мВт Куланак ГЭСинин курулушу, бышкан кирпич чыгаруучу заводдун жумуштары жүргүзүлүп жатат.

Ачылган ишканалар: айыл аймактарында  ишканаларды ачуу, салыктан каттоодон өткөрүү, салык алуу базасын кеңейтүү  тапшырмасына ылайык,   2023-жылга карата 9  ишкана  ачылып  272 туруктуу  жумуш оорду менен камсыз болуп, 11 млн  440,0 миң сом инвестиция жумшалган.

Социалдык багыт боюнча:

Билим сапаты райондо жалпы мектептерде окуучулардын билим сапаты боюнча 2022-2023-окуу жылы 45% болсо, 2023-2024-окуу жылы 48,5% түзгөн.

Мектептердин окуу китептери менен камсыз болушу 2022-2023-окуу жылында 86% болсо, 2023-2024-окуу жылдын 3-чейрегине карата 88% түзүп, 13 мектепте электрондук китепкана уюштурулган. Ал эми компьютер менен камсыз болуусу 2022-2023-окуу жылында 63% болсо, 2023-2024-окуу жылынын 3-чейрегине карата 77% болуп,  24 мектепте 24 даана интерактивдүү доска бар. Ошондой эле мектептердин интернет менен камсыз болуусу боюнча райондогу 34 мектептин ичинен 12 мектепте оптика булалуу интернет байланышы тартылып, быйыл 22 мектепке интернет туташтыруу пландаштырылууда.

Мамлекеттик жөлөкпулдар боюнча 2024-жылдын 1-январына карата 697 үй-бүлөгө же 2463 балага «үй-бүлөөгө көмөк» жөлөкпулу чектелип  59 млн 758 миң 500 сом каржыланган. 2022-жылга салыштырмалуу 267 үй-бүлөгө же 798 балага азайган. Каржыланган акча каражаты 2 млн 424 миң 100 сомго азайган.

Ал эми жумушсуздарды  ишке орношуу мүмкүнчүлүгүн кеңейтүү багытында 2023-жыл ичинде кесиптик окууга жана кайра даярдоо кыска мөөнөттүү курстарына жалпы 43  жумуш издөөчү жиберилип, мунун ичинен Учкун айыл аймагынан 11 жумушсуз “Кол өнөрчүлүк” жана Жылан-Арык айылынан 11 жумуш издөөчү “Үй шартында сүт иштетүү”,   Эмгекчил айылында 11 жумуш издөөчү “Үй шартында сүт иштетүү”, Таш-Башат айылынан 10 жумуш издөөчү “Ишкерлик жүргүзүү” курсунан өтүшкөн.

Ден соолугунун мүмүкүнчүлүгү чектелген жарандарды жумуш менен камсыз кылууда Нарын районуна 5 квота бекитилсе, 3 адам ишке орноштурулган.  Учкун-1, Жан-Булак-1 айыл өкмөттөрүнө ишке орноштурулган, ал эми Чет-Нура айыл өкмөтүндө 1 персоналдык ассистент болуп дайындалган.

Социалдык контракттын негизинде район   боюнча 2022-2023-жыл ичинде айыл өкмөттөрдүн алдындагы социалдык маселелер боюнча комиссияда 1180 долбоорлор каралып,  100 000 сом өлчөмүндө 155 жаран менен  социалдык контракт түзүлгөн.

Бүгүнкү күндө ар бир үй-бүлөнүн ишмердүүлүгү боюнча көзөмөлгө алынууда.

Милдеттүү медициналык камсыздандыруу боюнча райондо 6000 адам милдеттүү медициналык камсыздандыруу полисин алуу пландалса 2023-жылдын 12 айына 574 жаран акылуу (платный) полис алган.

Жыйында күн тартибинде көрсөтүлгөн социалдык-экономикалык ѳнүгүүсүнүн жыйынтыктары боюнча слайд түрүндө аткарылган иштер жөнүндө отчеттор угулуп,  ар бир маселелер талкууланып, аткарылып жаткан иштер менен бирге  кемчиликтер да кошо белгиленди.

Жыйынтыгында ар бир каралган маселелер боюнча Кыргыз Республикасынын Президентинин Нарын облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн биринчи орун басары А.Сапаров жана район акими Н.Мадимаров  мекеме-ишкананын жетекчилерине жана айыл өкмөт башчыларына тийиштүү тапшырмаларды берип, коллегиялык отурумда күн тартибинде каралган маселе боюнча күчөтүлгөн тартипте иш алып баруу жагын тапшырып, 2024-жылга карата иш милдеттер коюлду.

Жооп калтыруу