Нарын райондук мамлекеттик администрациясынын 2024-жылдын кышкы сезонунда спорт оюндарын өткөрүү боюнча иш чаралар планы бекитилип ага ылайык, “Жылгаяк”, “Муз шаарчасы” жана башка аталыштагы спорттук- маданий иш чаралар Үсөн-Бак, Самоор эс алуучу жайларында өткөрүлөт.
Мындан сырткары кышкы спорт түрлөрүн өнүктүрүү максатында кечээ 25-январда Дөбөлү айыл аймагындагы Үсөн-Бак эс алуу жайында Франциядан келген туристтер менен биргеликте чакан иш чара болуп,ага улай кышкы спорт түрлөрүн өнүктүрүү, жайылтуу жана сергек жашоого үндөө максатында чет жактан келген спортчулар менен кенен пикир алышуу болду.
Иш чарада Нарын райондук маданият үйү тарабынан Кыргыздын конок тосуу жөрөлгөсү катары сый көргөзүлүп, бүркүт салуу улуттук оюну көрсөтүлдү жана райондук маданият үйү тарабынан концерттик программа тартууланды.
Бишкектеги “Номадс ленд” (көчмөндөрдүн жери) туристтик компаниясынын жетекчиси, Швейцариянын жараны Самуел Марет менен Нарындагы “Нарын көчмөндөр саякаты” компаниясынын жетексиси Бактыбек Асакеев менен биргелешкен чет элден келген коноктор Нарынга экинчи ирет келишүүдө. Келген туристтер лыжа спорту менен алек болоорун жана Нарын районунун климаттык шарты, тоолору бул спорт түрүнө ыңгайлуу экенин белгилешти.
Максаты лыжа базасын түзүп, бул спорттун өнүгүүсүнө салым кошкусу келгенин айтты.