Белгилүү коомдук жана партиялык ишмер Кайып Калназаров дүйнө салды.
К.Калназаров 1936-жылы 5- майда Нарын районунун Дөбөлү айыл аймагындагы Көгөндү деген жерде туулган.
1970-жылы Бишкектеги Кыргыз Мамлекеттик Скрябин атындагы айыл чарба институтун бүтүргөн, окумуштуу зоотехник.
3-июль 1953-жылдан областтык “Нарын правдасы” газетасында корректор, 1956-1961-жылдары комсомолдун Нарын райондук, областтык комитеттеринде инструктор, 1961-1962-жылы партиянын Нарын райондук комитетинде инструктор, 1962-1964-жылы Кыргызстан КП БКнын алдындагы партиялык-советтик мектепти артыкчылык диплому менен бүтүрүп, кенже зоотехник-уюштуруучу кесибине ээ болгон.
1964-1967-жылдары Тянь-Шань районундагы Эмгекчил колхозунда париялык комитеттин катчысы, 1967-1970-жылы партиянын Тянь-Шань райкомунун уюштуруу бөлүмүнүн башчысы, 1970-1979-жылы Тянь-Шань районундагы Куланак колхозунун төрагасы, 1979-1982-жылы Жумгал райондук советинин аткаруу комитетинин төрагасы, 1982-жылы V-X айлары Нарын облустук айыл чарба башкармасынын башчысы, 1982-1985-жылы партиянын Тогуз-Торо райкомунун биринчи катчысы, 1985-1994-жылга чейин Тянь-Шань районундагы Ленин атындагы колхоздун төрагасы, 1994-1999-жылы Нарын мамлекеттик Заповеднигинин директору, 1999-2012-жылга чейин заповедникте илимий кызматкер, 2012-2015-жылга чейин Нарын облустук согуштун, эмгектин, ардагерлер Кеңешинде төрага болуп иштеген.
62 жыл тынымы жок эмгек жасаган.
36 жыл чарбалык, партиялык, советтик уюмдарда, жаратылышты коргоо тармагында жана коомдук уюмда жетекчи кызматтарда иштеди. Кийинки 17 жылда Заповедникте курчап турган чөйрөнү коргоо боюнча да олуттуу иш аткарган.
К.Калназаров 1990-1995-жж. Кыргыз Республикасынын Эл депутаты, айтылуу легендарлуу парламенттин мүчөсү, Кыргызстан көз каранды эмес болуп жарыяланышына, Кыргыз Республикасынын Конституциясынын, мамлекеттик Туусунун, Гербинин, Гимнинин кабыл алынышына өз салымын кошкон.
К. Калназаров уюштуруучулук ишмердиги, облустун социалдык экономикалык жактан өнүгүшүнө кошкон салымдары үчүн Эмгек Кызыл Туу ордени, “Эмгектин каармандыгы” үчүн, “Эмгектин артыкчылыгы” үчүн, “Эмгектин ветераны” медалдары менен сыйланган.
2009-жылы “Кыргыз Республикасынын жаратылышты коргоосуна эмгек сиңирген кызматкер” деген ардактуу наамдын ээси болгон.
Үй-бүлөсүнө, жакындарына терең кайгыруу менен көңүл айтып, аза кайгысын тең бөлүшөбүз.

