НАРЫН РАЙОНУНДА ШАЙЛООГО ДАЯРДЫК ЖАНА КОРРУПЦИЯГА КАРШЫ АРАКЕТТЕР

2025-жылдын 17-октябрь күнү Нарын райондук мамлекеттик администрациясынын жыйындар залында Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттарын мөөнөтүнөн мурда шайлоого даярдык жана өткөрүү иштерин уюштуруу боюнча штабдык жыйын болуп өттү.

📝 Күн тартибинде:
1. Шайлоону уюшкандыкта жана мыйзам чегинде өткөрүү;
2. Мамлекеттик жана муниципалдык кызматтарда коррупцияга каршы аракеттерди күчөтүү, алдын алуу, жана мыйзам бузууга жол бербөө чаралары каралды.

Жыйынга Нарын районунун акими Нуридин Мадимаров, райондук прокурор А.Сатинбиев, Нарын РИИБдин орун басары Т.Ашырбаев, мекеме-ишканалардын жетекчилери, айыл өкмөт башчылары жана жооптуу катчылар катышты.

✅ Район акими жана прокурор тарабынан мамлекеттик кызматкерлер менен мугалимдердин шайлоо алдындагы үгүткө аралашуусуна мыйзам боюнча тыюу салынарын белгилешти.

⚠️ Ошондой эле социалдык тармактарда талапкерлерге карата “лайк” басуу, сүрөт бөлүшүү же репост кылуу дагы мыйзам бузууга тете экендиги эскертилди.

Ошондой эле жыйындын жүрүшүндө коррупциянын кесепеттери, мыйзам бузуу фактылары жана алардын жоопкерчилиги тууралуу маалымат берилип, кызматкерлерге мыйзам талаптарын так сактоо тапшырмасы берилди.

📌 Жыйын соңунда Элдик курултайга даярдык маселелери да талкууланып, тиешелүү тапшырмалар берилди.

 

 

Жооп калтыруу