Нарын райондук мамлекеттик администрациясынын башчысы-аким Н.Мадимаров тарабынан жана Жан- Булак айылынын тургуну, жеке ишкер Н.Ыманбекова менен ички туризмди өнүктүрүү максатында, Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2019-жылдын 9-октябрындагы “Мамлекеттик менчикте турган жер участокторун берүү тартиби жөнүндө жобону бекитүү тууралуу” №535 токтомуна ылайык эки тараптуу келишим түзүлдү.
Келишимге ылайык, Жан-Булак айыл аймагына караштуу “Булактын-Башы” участогундагы 2,5 га жер аянты убактылуу пайдаланууга берилди.
Анда жайыт жер аянтына, эс алуучу жай уюштуруу үчүн жерлердин башка категориясына багыты өзгөртүлүп (трансформация) берилди.
Жеке ишкердин билдирүүсүндө аталган аймак ички туризмди өнүктүрүүгө багытталып, 2024-жылдын жаз айларында 3 глэмпинг обүектилери курулуп, балык чарбасы, кымыз менен дарылоо жана эс алуучу жайлар уюштурулуп, жарандардын эс алуусуна жакшы шарттар түзүлүүлөрүн белгиледи.
Обүект толугу менен 2024-жылдын июль айында ачылышы күтүлүүдө.
Болжолдуу инвестиция 2 млн сомду түзөт.
Муну менен Нарын районунда туризмдин өнүгүшү, келечекте ички жана тышкы туристтердин келшине шарттар түзүлөт.