УЧКУН АЙЫЛ АЙМАГЫНДА ЖҮРГҮЗҮЛҮП ЖАТКАН ИШТЕР

2025-жылдын 9-октябрында Нарын райондук мамлекеттик администрациясынын башчысы-аким Нуридин Мадимаров Учкун айыл аймагында иш сапары менен болду.

📍 Иш сапардын алкагында аким Куланак айылынын Таштанбек көчөсүндө жайгашкан “Ичке Куланак” сайынан өтүүчү көпүрөнүн техникалык абалы менен жеринен таанышып, тиешелүү тапшырмаларды берди.

📍 Андан соң, дем берүүчү грант жана Нарын райондук өнүктүрүү фондунун каржылоосу менен курулуп жаткан А.Орозакунов атындагы паркка барды.
– Дем берүүчү грант – 5 млн сом
– Райондук өнүктүрүү фонду – 5 млн сом
Курулуш иштерин “СМР-С” ЖЧК жүргүзүүдө.

📍 Ошондой эле капиталдык оңдоп-түзөөдөн өткөн үй-бүлөлүк дарыгерлер борборунун ишмердүүлүгү менен таанышып, объектти андан ары жакшыртуу максатында долбоордук өтүнмө сунушталды. Ага ылайык:
– Айланасын тосуу
– Кампа куруу
– Таза суу системасын киргизүү каралууда.

 

 

Жооп калтыруу