2025-жылдын 1-октябрынан тарта “Улгайган жарандарга көңүл буруу жана камкордук көрүү” ураанынын алдында Нарын районунда бир айлык иш-чаралар башталды.
Айыл аймактарында да салтанаттуу иш-чаралар уюштурулуп, мекеме ишканалар тарабынан улгайган жарандарга сый-урмат көрсөтүлүүдө.
– 100 жаштан жогору – 4
– 90-100 жашка чейин – 81
– 80-90 жашка чейин – 494
– 70-80 жашка чейин – 1375
Ошондой эле, райондо үй шартында тейлөөгө муктаж, жалгыз бой жана ден соолугунун мүмкүнчүлүгү чектелген 62 кары адам социалдык кызматкерлер тарабынан колдоо алышууда.
Бул иш-чаралар мамлекет тарабынан улууларга болгон терең урматтын жана камкордуктун бир белгиси катары уюштурулууда.












