НАРЫН РАЙОНУНДА ЗОРДУК-ЗОМБУЛУК ЖАНА ЭРТЕ НИКЕГЕ ТУРУУНУ АЛДЫН АЛУУ БОЮНЧА КООРДИНАЦИЯЛЫК КЕҢЕШМЕ ӨТТҮ

📍 2025-жылдын 19-сентябрында администрациянын жыйындар залында зордук-зомбулук, эрте никеге турууну алдын алуу, жыныстык кол тийбестикти камсыздоо жана бул багытта жүргүзүлүп жаткан иштердин жыйынтыгын талкуулаган координациялык кеңешме болуп өттү.

Кеңешмеге Нарын районунун акими Н.Мадимаров, Нарын районунун прокурору Д. Суранбеков, Нарын РИИБдин начальнигинин орун басары Т. Ашырбаев, билим берүү бөлүмүнүн башчысы Г.Исакова, Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция башкармалыгынын өкүлү, айыл өкмөт башчылары, социалдык кызматкерлер жана башка тиешелүү адистер катышты.

📌 Кеңешменин жүрүшүндө төмөнкү багыттар боюнча маалыматтар угулду:
– Зордук-зомбулукту алдын алуу боюнча жүргүзүлүп жаткан иш-чаралар;
– Эрте никеге туруунун кесепеттери жана аны токтотуу боюнча аракеттер;
– Коомдо балдардын жыныстык кол тийбестигин камсыздоо маселеси;

✅ Иш-чаранын жыйынтыгында бул маселелер боюнча алдын алуу иштерин жана калк арасында түшүндүрүү иштерин күчөтүү боюнча сунуштар берилди.

 

Жооп калтыруу