НАРЫН РАЙОНУНДА ЖАЛПЫ ИШЕМБИЛИК ӨТКӨРҮЛДҮ

Бүгүн, Бүткүл дүйнөлүк тазалык күнүнө карата Нарын районунда жалпы райондук ишембилик өткөрүлдү.
📍Ишембилик алкагында район аймагындагы мекеме-ишканалар Долон ашуусунан баштап Нарын шаарынын кире беришине чейинки Нарын–Бишкек–Торугарт унаа жолунун жээктери, ошондой эле райондук маанидеги Нарын-Үч-Нура, Нарын-Орук-Там, Нарын-Баетова, Нарын-Он-Арча-Ашырма жолдорунун жээктери тазаланып, ирээтке келтирилди.
Ошондой эле коомдук жайлар, эс алуу зоналары, социалдык объектилердин айланасы иретке келтирилип, тазалоо иштери жүргүзүлдү.
✅ Бул акциянын максаты — жарандардын тазалык маданиятын жогорулатуу жана жашаган аймакты таза сактоого жалпы коомчулукту тартуу.
🗓 Бул тазалык акциясы Кыргыз Республикасынын Президенти Жапаров Садыр Нургожоевич кол койгон “Улуттук тазалык күнү жана 2023–2025-жылдар аралыгында тиричилик калдыктарын иштетүү боюнча натыйжалуу инфраструктураны түзүү планы жөнүндө” Жарлыктын негизинде өткөрүлдү.

Жооп калтыруу