2025-жылдын 16-сентябрында Нарын районунун Миң-Булак айыл аймагына караштуу Куйбышев айылында Жумгалбек Солтонкулов атындагы кризистик борбор расмий ачылды.
Бул борбор Кыргыз Республикасынын Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министрлигинин социалдык колдоо долбоорунун алкагында 827 миң сомго каржыланып, аталган каражат имаратты капиталдык оңдоого жана кызматкерлердин айлык акысын төлөөгө багытталган.
Борбордун негизги максаты— турмуштук оор кырдаалда калган үй-бүлөлөрдүн балдары үчүн эрте кийлигишүү кызматтарын көрсөтүү жана социалдык колдоону күчөтүү.


Ал эми маркум Жумгалбек Солтонкуловдун үй-бүлөсү борбордун ички жабдууларына жардам көрсөтүшкөн жана мындан ары турмуштук оор кырдаалдагы үй-бүлөлөрдү азык-түлүк менен үзгүлтүксүз камсыздоону колго алууда.
Бул кризистик борбор аймактагы муктаж үй-бүлөлөр үчүн олуттуу жардамчы болуп, социалдык коргоо жаатындагы иш-аракеттерге чоң салым кошмокчу.