Кыргыз Республикасынын Эгемендүүлүгүнүн 34 жылдыгы Кара-Бүк участкасында жайгашкан “AS A NOMAD” этно-комплексинде салтанаттуу белгиленди.
Иш-чаранын алкагында Нарын райондук М.Баетов атындагы маданият үйүнүн кызматкерлери тарабынан Кыргыз мамлекеттүүлүгүнүн кайра жаралуусун чагылдырган театрлаштырылган көрүнүш көрсөтүлүп, облус аймагындагы өнүгүү жетишкендиктери тууралуу маалымат берилди.
Майрамдык салтанатта Кыргыз Республмкасынын Президентинин Нарын облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн биринчи орун басары Р.Сапарбеков, Нарын райондук мамлекеттик администрациясынын башчысы-аким Н.Мадимаров, Нарын шаарынын мэри Ж. Немат уулу элди эгемендик майрамы менен куттукташып, кыргыз элинин байыркы тарыхын жана эгемендүүлүк жылдарындагы ийгиликтерди баса белгилешти.
Майрам улуттук оюн-зоок программалары, кол өнөрчүлүк, салттуу тамак-аш көргөзмөлөрү жана концерттик программа менен коштолду.