Чет өлкөлөрдө эмгектенип жүрсө да, өз аймагына жана элине кайдыгер карабастан жардам жана колдоо көрсөтүп келе жаткан мекендештерге Нарын райондук мамлекеттик администрациясынын башчысы-аким Мадимаров Нуридин Султановичтин атынан «Ыраазычылык каттар» тапшырылды.

Бул сый-урмат Москва шаарында Кыргыз диаспорасынын Нарын облусу боюнча өкүлдөрү тарабынан уюштурулган атайын иш-чарада тапшырылып, алыста жүргөн мекендештерибиздин эмгеги жана салымы жогору бааланды.

Белгилей кетсек, 2025-жылдын 30-майында Россия Федерациясынын Президентинин чет өлкөлөр менен региондор аралык жана маданий байланыштар боюнча башкармалыгынын башчысы Игорь Масловдун Нарын облусуна болгон иш сапарынын алкагында, Москва шаарынан келген Кыргыз диаспорасынын Нарын облусу боюнча өкүлдөрүн Нарын райондук мамлекеттик администрациясынын башчысы-аким Мадимаров Нуридин Султанович кабыл алган.
Бугунку кундо Москвада эмгектенип жаткан мекендештердин балдарына социалдык багыттагы ар кандай колдоолор корсотулуп келет.

Мекенди унутпай, ар дайым жардамын аябаган мекендештерге терең ыраазычылык билдиребиз!