✅✅✅3-ИЮЛЬ — МЕДИЦИНА КЫЗМАТКЕРЛЕРИНИН КЕСИПТИК КҮНҮ

2025-жылдын 2-июлунда Нарын райондук мамлекеттик администрациясынын башчысы-аким Мадимаров Нуридин Султанович медицина кызматкерлеринин кесиптик майрамына арналган салтанаттуу иш-чарага катышты.
Район акими куттуктоо сөзүндө:
“Элдин ден соолугу — мамлекеттик саясаттагы башкы артыкчылык. Ак ниет, ак эмгек, ак халат — бул ардактуу дарыгерлердин, медайымдардын жана медицина кызматкерлеринин асыл символу.
Сиздердин элге кылган кызматтарыңыз чыдамкайлыктын, айкөлдүктүн жана кесипкөйлүктүн үлгүсү!” — деп белгилеп, ден соолук, үй-бүлө бакыт жана иштерине ийгиликтерди каалады.
✅Иш-чарада өз кесибинде мыкты көрсөткүчтөрдү жараткан дарыгерлерге Нарын райондук мамлекеттик администрациясынын «Ардак грамотасы» жана Нарын районунун «Ардактуу атуулу» наамдары ыйгарылды.
🩺🩺🩺 АК ХАЛАТ — АК НИЕТТИН БЕЛГИСИ!
Бардык медицина кызматкерлерин кесиптик майрамыңыздар менен куттуктайбыз!

Жооп калтыруу