Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин ирригация тармагын жакшыртуу жана сугат сууларын коромжусуз пайдалануу менен заманбап техникалык жабдыктарды колдонуп, суу баспаган жер аянттардын асылдуулугун жогорулатуу менен суу баскан жер аянттарынын аянтын көбөйтүү максатында, Нарын районунун Чет-Нура айыл аймагында MSDSP KG коомдук фонду менен биргеликте ишке ашырылган долбоордун алкагында күн нурун колдонгон заманбап насостук станция жана башкы суу алуучу курулма толук калыбына келтирилип, 2025-жылдын 17-июнунда пайдаланууга берилди.
Бул иш-чарага Нарын райондук мамлекеттик администрациясынын башчысы-аким Мадимаров Нуридин Султанович, Ага Хан Фондунун Кыргыз Республикасындагы филиалынын жетекчиси Д.Доргабекова, MSDSP KG КФ (Ага Хан Фондунун демилгеси) аткаруучу директору М.Патаев, MSDSP KG КФ (Ага Хан Фондунун демилгеси) Нарын филиалынын директору Ж.Сулейманова, MSDSP KG КФ (Ага Хан Фондунун демилгеси) AFS программасынын жетекчиси С.Эмилбек уулу, долбоордун кызматкерлери ошондой эле Чет-Нура айыл өкмөтүнүн башчысы А.Жумалиев, жергиликтүү Кеңештин депутаттары жана айыл тургундары катышты.



Насостук станцияны жана башкы суу алуучу курулманы куруу: жер казуу, бетон жумуштары, суу дарбазасын жана кызматтык көпүрөнү орнотуу, насостук жабдууларды орнотуу, 150 мм диаметрдеги суу түтүктөрүн улаштыруу, сууну ачып-жабуучу жабдыктарды орнотуу жумуштары “Нарын Курулуш” ЖЧИ тарабынан жүргүзүлүп, жалпы наркы 1 530 431,11 сомду түздү.
Жер иштерин экскаватор жана кол күчү менен жүргүзүлүп, күн энергиясын топтоочу жабдыктар узундугу 76 метр болгон зым торлору менен тосмолонду.
Жергиликтүү тургундардын салымы жалпы 239 266,72 сомду түздү.
Натыйжада, 50 гектар жер өздөштүрүлүп, беде, эспарцет жана арпа айдоо мүмкүнчүлүгү түзүлдү.
