✅КАРА-ҮҢКҮР КАЛКТУУ КОНУШУ ЭЛЕКТР ЭНЕРГИЯСЫ МЕНЕН КАМСЫЗ БОЛДУ

Нарын районуна караштуу Э.Дайркунов атындагы айыл өкмөтүнүн Кара-Үңкүр калктуу конушунда көп жылдардан бери чечилбей келген — электр энергиясына кошулуу маселеси ийгиликтүү чечилди.
Бүгүн, 17-июнда Нарын райондук мамлекеттик администрациянын башчысы-аким Н.Мадимаров, Э.Дайракунов атындагы айыл өкмөтүнүн башчысы Т.Сыдыкбеков, Нарын райондук электр тармактары ишканасынын жетекчиси А.Ысманов жана жергиликтүү тургундар катышты.
Бул маанилүү долбоор демоорчу менен жергиликтүү бийликтин биргелешкен аракетинин натыйжасында ишке ашып, 2024-жылдын ноябрында башталган курулуш иштери 2025-жылдын 8-июнунда толугу менен аяктады.
📍 Долбоордун алкагында:
🔹 Жалпы узундугу — 4 км 860 метр чакырымды түзгөн 10кВ аба чубалгысы курулду;
🔹 118 даана мамыча орнотулду;
🔹кубаттуулугу 100 кВА болгон 10/0,4кВ КТП орнотулган
🔹 Жалпы сметалык наркы — 10 миллион сом.
Бул — калктуу конуш эли көптөн күткөн, жашоо сапатын жакшырткан чоң кадам. Эми Кара-Үңкүр калктуу конушу туруктуу электр энергиясы менен камсыз болду.
🤝 Долбоорго демөөрчүлүк кылган жана көмөк көрсөткөн бардык тараптарга терең ыраазычылык билдиребиз.
Эл үчүн аткарылган ар бир иш — өлкөнүн өнүгүүсүнө болгон ишенимдүү салым!

Жооп калтыруу