2025-2026-жылдардын күз-кыш мезгилине райондун тармактарын жана калкын электр энергиясы, көмүр-отуну менен камсыз кылуу, күзгү-кышкы жылытуу мезгилине даярдыктарды көрүүгө карата Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2025-жылдын 28-майындагы №282 токтомун жана Кыргыз Республикасынын Президентинин Нарын облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн 2025-жылдын 11-июнундагы №135-б буйругун аткаруу максатында Нарын райондук мамлекеттик администрациясынын башчысы-акимдин тапшырмасына ылайык, биринчи орун басары Б.Кошалиевдин жетекчилиги астында штаб өткөрүлдү.
Штабга айыл өкмөт башчылары жана тиешелүү тармактык мекеме-ишкана жетекчилери катышты.
Райондук штабдын отурумунда 2025-2026-жылдардын күз-кыш мезгилдерине райондун тармактарын жана калкын даярдоонун жүрүшү каралып, калкты көмүр отуну менен камсыздоо, социалдык мекемелерге көмүр тартуу, сактоо жана жеткирүү маселелери каралды.
Ошондой эле алдыда жасала турчу иш аракеттер белгиленип, тиешелүү кызматтарга конкреттүү тапшырмалар берилди.
