Ар бир бала — урматтоого жана коргоого татыктуу: басмырлоого каршы биргелешкен аракеттер

Кыргыз Республикасы балдардын укуктарын жана таламдарын коргоо жаатында эл аралык жана улуттук деңгээлде бир катар чечкиндүү кадамдарды жасап келет.
Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин №104-р сандуу тескемеси менен бекитилген “2025–2028-жылдарга Балдар укугу жөнүндө конвенцияны аткаруу тууралуу Кыргыз Республикасынын сунушталган бириктирилген бешинчи жана алтынчы мезгилдик баяндамаларынын жыйынтыгы боюнча БУУнун Балдар укугу боюнча комитетинин корутунду сын пикирлерин ишке ашыруу боюнча иш-чаралар планы” дал ошол кадамдардын бири.
Бул пландагы 20-пунктта жыныстык белгиси жана майыптыгы боюнча басмырлоого тыюу салуу, ошондой эле жагымсыз абалда калган балдарды стигматизациялоого каршы коомдук аң-сезимди жогорулатуу маселеси каралган.
Бул принциптер Кыргыз Республикасынын Балдар жөнүндө кодексинин 4-беренесинде да так чагылдырылган.
Аталган беренеге ылайык, балдардын укуктарын жана таламдарын коргоо төмөнкү негизги принциптерге негизделет:
• Баланын эң мыкты таламдарын камсыз кылуу максатында анын укуктарынын биринчи кезектүүлүгүн таануу;
• Мыйзамда каралган мамлекеттик кепилдиктердин көлөмүндө, өзгөчө турмуштук оор кырдаалда турган балдардын акысыз кызмат көрсөтүүлөргө жетимдүүлүгүн камсыз кылуу;
• Балдарды расасынын, өңү-түсүнүн, жынысынын, тилинин, дининин, улуттук же социалдык тегинин белгилери боюнча, мүлктүк же ден соолук абалына, же башка өзгөчөлүктөрүнө карата басмырлоонун жол берилбестиги.
Бул жоболор балдарга карата ар кандай басмырлоонун, өзгөчө майыптыгы бар жана жыныстык белгиси боюнча айырмаланган балдарга карата негативдүү мамилени четтетүүгө багытталган.
Коомдо ар бир бала — инсан катары кабыл алынып, толук кандуу өнүгүүгө жана колдоого укуктуу.
Мындай иш-чаралар балдардын укуктарынын сакталышына гана эмес, алардын коомдо татыктуу орунга ээ болушуна шарт түзөт.
Бала — бул бүгүнкү күндүн эмес, келечектин ээси. Ар бир баланын укугун коргоо — коомдун өнүгүшүнө инвестиция.
Нарын районунун прокуратурасы

Жооп калтыруу