1-июнь-Эл аралык балдарды коргоо күнүнө карата майрамдык иш-чаралар өткөрүлүп, белектер тапшырылды.
Нарын районунун акими Мадимаров Нуридин Султанович ар бир айыл өкмөттөгү аз камсыз, көп балалуу үй-бүлөлөрдүн балдарына жеринде барып, майрамдык маанай тартуулап, белектерин тапшырды.
Белектер көп балалуу, аз камсыз үй-бүлөлөрдүн балдарына, чет өлкөдө эмгектенип жүргөн мигранттардын балдарына, бала бакчада тарбияланып жаткан бөбөктөргө, мектепте мыкты окуган жана үлгүлүү жүрүм-турум көрсөткөн окуучуларга -жалпысынан 150 балага берилди.
“Балдардын кубанычы — бул коомдун келечегине болгон ишеним. Ар бир баланын татыктуу жашоосу үчүн биргеликте аракет кылуу — биздин ыйык милдетибиз”— экендигин белгилеп, бобокторго бактылуу балалык каалады.


