✅✅✅КАЗАН-КУЙГАН АЙЫЛЫНДА ЖАҢЫ КИЧИ ФУТБОЛДУК АЯНТЧА АЧЫЛДЫ

2025-жылдын 31-майында Э.Дайракунов айыл аймагына караштуу Казан-Куйган айылында жаңы кичи футболдук аянтчанын ачылышы болуп, пайдаланууга берилди.
Иш-чарага Нарын районунун акими Мадимаров Нуридин Султанович, Э.Дайракунов айыл өкмөтүнүн башчысы Сыдыкбеков Талантбек Акматалиевич, аксакалдар, жергиликтүү тургундар жана жаштар катышты.
Аким иш-чарада “Спорт—ден соолуктун жана ынтымактын булагы. Бул аянтча жаштардын сергек жашоосуна жана биримдигине чоң салым кошот”— деп белгиледи.
Аянтчанын курулушу биргелешкен аракеттер менен ишке ашып:
– Райондук өнүктүрүү фондунан—1 млн 989 миң 149 сом;
– Жергиликтүү бюджеттен-850 миң сом;
– Айыл жаштарынын демилгелүү салымы—180 миң сом каражат жумшалган.
Жергиликтүү эл ыраазычылыгын билдирип, бул спорттук жай жаштар үчүн маанилүү болгонун баса белгилешти.

Жооп калтыруу