2025-жылдын 18-майында Нарын району боюнча Кыргызгидромет борборунун маалыматына ылайык, шамалдын ылдамдыгы секундуна 25 м/с чейин жетип, бир катар айыл аймактарында кыйроолорго жана материалдык чыгымдарга алып келди.
Табигый кырсыктын натыйжасында Нарын району боюнча жалпысынан 89 объект жабыркаган.
Алар төмөнкүдөй айыл аймактарында катталды:
– Миң-Булак айыл аймагында — 75 объект;
– Жан-Булак айыл аймагында — 7 объект;
– Учкун айыл аймагында — 1 объект;
– Дөбөлү айыл аймагында — 3 объект;
– Чет-Нура айыл аймагында— 2 объект;
– Э. Дайыркунов айыл аймагында— 1 объект.

Бүгүн, 19-майда жарандык коргонуу комиссиясынын башчысы, Нарын районунун акими Н.Мадимаров, жарандык коргонуу кызматтары жана мамлекеттик камсыздандыруу уюмунун Нарын филиалынын өкүлдөрү, Миң-Булак айыл өкмөтүнүн башчысы А.Окенов менен биргеликте Миң-Булак айыл аймагындагы Лахол жана Жер-Көчкү айылдарында болуп, жабыркаган үйлөрдү жана объекттерди жеринен көрүп чыгышты.
Айыл аймактарда жарандык коргонуу комиссиялары жабыр тарткан турак жайларга келтирилген материалдык чыгымдарды аныктоо иштери жүргүзүлүүдө.