НАРЫН РАЙОНУНУН АЙМАГЫНДА ЖАЛПЫ ИШЕМБИЛИК ӨТКӨРҮЛДҮ✅

Бүгүн, 5-апрелде Нарын районунда тазалыкты камсыздоо максатында жалпы ишембилик өткөрүлдү.
Ишембиликке райондук мекемелердин, ишканалардын,айыл өкмөттөрдүн кызматкерлери жана тургундар катышышты.
✅ Иштин жүрүшүндө:
-жол жээктери, парктар;
-социалдык объектилердин (мектеп, бала бакча),мекеме-ишканалардын айланысы
-коомдук жайлар тазаланып, айлана чөйрө ирээтке келтирилди.
Ошондой эле ДЭП-41 Жол тейлөө мекемеси тарабынан Бишкек-Нарын-Торугарт унаажолунун Оттук айылынын ичиндеги инерттик материалдарды жана таштандыларды тазалоо иштери жүргүзүлдү.
Район аймагында тазалыкты сактоо жана экологияны коргоо максатында жума сайын ишембиликтер өткөрүлүүдө.
Таза аймак – таза келечек!🌿
Айлана-чөйрөнүн тазалыгы – ар бирибиздин жоопкерчилигибиз. Тазалык — бул ден соолук, кооздук жана жашоого болгон кам көрүү.
Таза айлана — таза дем, жаркын келечек!
Келиңиздер, чогуу тазалыкты сактап, жаратылышка аяр мамиле кылалы! 💧🌍✨

Жооп калтыруу