✅НАРЫН РАЙОНУНДА ЖАЗГЫ АЙДАП СЕБҮҮ ИШТЕРИНЕ ДАЯРДЫК КӨРҮҮ БОЮНЧА СЕМИНАР ӨТКӨРҮЛДҮ

Бүгүн, 9-апрелде Нарын районунун Миң-Булак Айыл Өкмөтүндө жазгы айдап себүү иштеринин даярдыгы жана талаачылыкты уюшкандыкта өткөрүү максатында семинар болуп өттү.
Семинарга Нарын райондук мамлекеттик администрациясынын башчысы-аким Н.Мадимаров, Нарын райондук агрардык өнүктүрүү башкармалыгынын жетекчиси А. Мүсүрканов, айыл өкмөт башчылары, айыл чарба мекемелеринин өкүлдөрү, кызматкерлер жана дыйкан, фермерлер катышты.
Семинарда өсүмдүктөрдү коргоо жана химиялаштыруу мекемесинин райондук адиси И.Жумагулов, органикалык айыл чарба департаментинин облустук өкүлү О.Жумаков, айыл чарбасын кооперациялоо, механизациялоо жана инновациялык технологиялар департаментинин Нарын регион аралык бөлүмүнүн башчысы К.Күчүков, өсүмдүктөрдү экспертизалоо боюнча Ат-Башы, Нарын район аралык бөлүмүнүн жетекчиси Ж.Дуйшеев катышып, дыйкан, фермерлерге өз кеңештерин беришти.
🔷Семинарда Нарын райондук агрардык өнүктүрүү башкармылыгынын жетекчиси А.Мүсүрканов жазгы талаа жумуштарына даярдыктар боюнча төмөндөгүдөй маалымат берди.
✔️2025-жылы Нарын районунда 9 816 гектар жер аянтына айдоо иштери пландалууда. Алсак, 5 762 гектарга дан эгиндери, 671 гектарга картошка, 111 гектарга жашылча, 29 гектарга сафлор жана 10 гектарга буурчак айдоо пландалган.
✔️Техникалардын жазгы талаачылык жумуштарына даярдыгы маалым болду. Буудай, арпа, жашылча, картошканын үрөн толук бар. Мамлекет тарабынан дотациялык негизде райондун дыйкандары тарабынан 24 тонна арпанын тектүү үрөнүн алып келишти. Мындан тышкары, мамлекеттик резервдер фонду аркылуу 65 сомдон 150 тонна дизелдик күйүүчү май бөлүнүп, айдап себүү иштерине ылайык айыл өкмөттөргө бөлүнүп берилди.
Семинардын жүрүшүндө жазгы айдап себүү иштерин ийгиликтүү өткөрүү үчүн жергиликтүү бийлик, айыл чарба мекемелер дыйкандар менен бирдикте иш алып баруу маанилүү экени белгиленди.
Семинар Нарын райондук агрардык өнүктүрүү башкармалыгы тарабынан уюштурулган.✅

Жооп калтыруу