Кыргыз Республикасынын Президенти Садыр Нургожоевич Жапаровдун демилгеси менен республиканын бардык аймактарында жүргүзүлүп жаткан “Жашыл мурас”улуттук өнөктүгүнүн алкагында, Нарын районунда дагы жашылдандыруу жана айлана-чөйрөнү коргоого багытталган иш-чаралар жүрүүдө.

Иш-чарага Нарын райондук мамлекеттик администрациясынын башчысы-аким Н.Мадимаров,Миң-Булак айыл өкмөтүнүн башчысы А.Окенов, “Авелум-Партнер” ЖЧКсынын өкүлдөрү ,айыл тургундары, билим берүү мекемелеринин жамааты жана кесиптик лицейдин студенттери катышты.

– Аймактарды жашылдандыруу;
– Коомдук жайларды, социалдык обьектилерди көрктөндүрүү;
– Айлана-чөйрөнү коргоо;
Көчөт отургузуу иш-чарасы билим берүү мекемелеринин кызматкерлери жана кесиптик лицейдин студенттери тарабынан уюштурулган флешмоб менен коштолду.


