Бүгүн, 12-апрелде Нарын райондук мамлекеттик администрациясынын башчысы-аким Н.Мадимаров Жан-Булак айыл өкмөтүндө болду.

Иш сапардын алкагында:

Айыл тургундарынын ашар жолу менен тазалоосунун негизинде, жалпы узундугу 22 км болгон Кызыл-Зоо-Достук каналынын тазалоо иштери менен жеринен таанышты.

Каналдын татаал жана терең бөлүктөрү техника менен казылып, сугат суу жеткирүүнү жакшыртуу багытында аракеттер көрүлүүдө.

Аким каналдын башкы суу алуучу курулушуна (головной сооружение) барып, суунун бөлүштүрүлүшү жана техникалык абалы менен да таанышты.

Аталган канал СССР маалында курулган жалпысынан 2000 гектарга чукул айдоо аянтына суу жеткирүүчү канал болуп эсептелет.

Мындан тышкары, жазгы айдап-себүү иштери башталгандыктан аким талаа жумуштарынын жүрүшүнөн кабар алды.