Нарын районунун 2024-жылга социалдык-экономикалык  өнүгүүсүнүн жыйынтыктары жана  2025-жылга карата  милдеттери  жөнүндө

Нарын райондук мамлекеттик администрациясы   райондун 2024-жылдагы социалдык-экономикалык өнүгүүсүнүн жана жогорку органдардын программалык документтеринде коюлган милдеттердин аткарылышын камсыз кылууга карата  айыл өкмөттөрүнүн, мекеме-ишканалардын ишинин натыйжалуулугу үчүн  уюштуруучулук, багыттоочу жана тескөөчү функциясын аткаруу менен  иш жүргүзүп  келди.

                                    

Өнөр жай продукциясын өндүрүүнүн  көлөмү

      2024-жылдын жыйынтыгы менен 620 млн 846,3 миң  сомдук өнөр жай продукциялары  өндүрүлүп, физикалык көлөмдүн индекси 125,2 % камсыз кылынды.

                                      Өнөр  жай продукциясын  өндүрүүнүн көлөмү

 

Көрсөткүчтөр

 

Өлчөө бирдиги

2023-жылдын

факты

2024-жыл
Иш жүзүндөгү  баа менен Өткөн  жылдын тиешелүү мезгилине салыштырганда Физикалык көлөмдүн  индекси, (%)
Өнө  жай продукциясынын көлөмү
Бардыгы   374204,1 620846,3 165,9 125,2
Продукциянын маанилүү түрлөрүн өндүрүү
Электр энергиясы (Ат-Башы ГЭСи) (миң сом) 159950,4 127342,3 79,6 108,8
Негизги металл казуу (миң сом) 146685,0 4225,0 153,1 108,6
Пайдалуу кендерди казуу (миң сом) 19446,1 408348,4 21 эсе
Элдин  өнөр  жай ишмердүүлүгү
Элдин өнөр жай ишмердүүлүгү (миң сом) 48122,6 80930,6 168,2

Пайдалуу кен казуу көрсөткүчү 408 млн 348,4 миң сом болуп, былтыркы жылдын ушул деңгээлине салыштырмалуу 21 эсе көп болгон, себеби 2024-жылдын октябрь айы менен “Жон Жи Майнинг Компани” ЖЧК  тарабынан алтын ылгоочу фабриканын курулушу аяктап, сыноо ирээтинде өндүрүшкө берилип, продукция бере баштаган.

Райондо өнөр жай ишканаларынын ичинен Ат-Башы ГЭСинде электр энергиясын иштеп чыгаруу  203,0  млн кВт/саатты түзүп,  электр энергиясы  өткөн жылга салыштырганда 16,5 млн кВт/саатка көп иштетилип чыккан.                         Ат-Башы ГЭСи боюнча 2024-жылга план боюнча 181,3 млн кВт/саат электр энергиясын өндүрүү каралып, 203,8 млн кВт/саат электр энергиясы  өндүрүлүп, план 112,4  % га аткарылган,  ал эми товардык продукция  127 млн 342,3 миң сомду түзүп, былтыркы жылга салыштырмалуу 32 млн  608,1 миң сомго аз болгон, себеби орточо тариф 2023-жылы 88 сом 50 тыйын болсо, 2024-жылы орточо  тарифи 61 сом 61 тыйын болгон.

Элдин өнөр  жай ишмердүүлүгү  80  млн 930,6 миң сомду түзүп, былтыркы жылга салыштырмалуу 168,2  % ды түзгөн.

Өнөр жай өндүрүшүнүн жалпы көлөмүндө продукциянын маанилүү түрлөрү болуп эсептелген  электр энергиясын  өндүрүү  20,5 % ды, негизги металл  өндүрүү 66,5 %, элдин  өнөр жай  ишмердүүлүгүнөн  өндүрүлгөн  продукциянын көлөмү 13,0 % ды түздү.

Автомобиль транспорту менен жүк ташуу

(миң тонна)

Иш жүзүндө  

2023-жыл

Иш жүзүндө

 2024-жыл 

Өсүү  темпи (%)
Район боюнча 101,5 103,7 102,2

Автомобиль транспорту менен жүк ташуу 102,2 %  ды түздү.

 

Жүргүнчүлөрдү ташуунун жүгүртүлүшү 

(миң жүргүнчү км)

Иш жүзүндө  2023-жыл Иш жүзүндө 2024-жыл  Өсүү  темпи
Район боюнча 34571,0 45369,0 131,2

Жүргүнчүлөрдү ташуу  105,8 % ды түздү.

 

Турак  үйлөрдү  пайдаланууга берүү

(чарчы метр)

Иш жүзүндө  2023-жыл Иш жүзүндө 2024-жыл  Өсүү  темпи
Район боюнча 3452 7222 209,2

Автомобиль транспорту менен жүк ташуу, жүргүнчүлөрдү ташуунун жүгүртүлүшү,турак үйлөрдү пайдаланууга берүү планы ашыгы менен аткарылган.

                                                          Айыл чарбасы

Районубуздагы экономиканын негизги багыты болгон айыл чарбасында   жазгы айдап себүү жумуштары  мөөнөтүндө жүргүзүлүп,  2024-жылдын 25-май айы менен толук айдоо себүү иштери бүткөрүлдү, баардыгы 9775 гектарга айыл чарба өсүмдүктөрү айдалып себилген, мунун ичинен 1146 га буудай, 4621 га арпа, 671 га картошка, 107 га жашылча, 10 га буурчак, 29 га сафлор, 118 га жүгөрү, 1287 га көп жылдык чөп, 1786 га бир жылдык чөп. 2023-жылга салыштырмалуу пайдаланылбай калган аянт 134 гектарга кыскарган (жалпы 672 га, анын ичинен мамлекеттик фондунун жерлеринен 478 га, 194 га үлуш жер аянты).  Пайдаланылбай калган аянт жалпысынан  кыскарганы менен Учкунда 65 га, Дөбөлүдө 15 га, Миң-Булакта 44 га, Жерге-Талда  30 га, Эмгек-Талаада 30 га  суу түйүнүнүн  бузулушунан пайдаланылбай калган аянттарды ондоого каржылоо тартуу аракеттерин жүргүзүү менен пайдаланылбай калган жер аянттарын кыскартуунун  үстүндө иш алып баруу  зарыл.

Азык-түлүк коопсуздугун камсыздоо максатында  берилген сунуштардын негизинде  былтыркы жылга салыштырмалуу   буудай 14 гектарга, арпа 1000 гектарга көп айдалып себилди, Нарын облусунда биринчилерден болуп 70 га жер аянтына күздүк буудай эксперимент катары  себилди.

Бардык түрдөгү  чарбаларда мал чарбачылыгынын негизги продукциясын өндүрүү.

Продукциянын түрү 2023-жыл 2024-жыл Өсүү  темпи (%)
Эт (тирүүлөй салмакта), тн 14220,0 14718,0 103,5
Чийки сүт,тн 34435,0 35400,0 102,8
Жумуртка                (миң даана) 1273,0 1324 104,0
Жүн,тн 483,0 501,0 103,7

Райондо айыл чарба продукциясынан эт, сүт, жумуртка, жүндүн өндүрүлүшү 100% дан кем эмес аткарылган.

Оруп  жыюу

2024-жылга карата жалпы район боюнча 15691,5 гектар көп жылдык чөптүн аянты чабылып жыйналып, орточо түшүмдүүлүк гектарына 57,3 центнерден айланып, дүң тушүм 89 902,9 тоннаны түзгөн, ал эми бир жылдык чөптүн аянты 2644 га толук жыйналып, ар гектарынан 34,6 центнерден айланып дүң түшүм 9159,7 тонна  же жалпы тоют 99 062,6 тоннаны түздү. Тоют топтоо иштерине 144 чөп чапкыч, 93 чөп тырмоо, 89 чөп таңгактагыч, 140 чиркегич ишке тартылган.

Район боюнча жалпы 5 767 гектар дан эгин аянтынын ичинен 3 773 га арпа,       1 136 га буудай чабылып жыйналып, арпанын орточо түшүмдүүлүгү                      22,7 ц/га буудайдыкы 21,6 ц/га  болуп,  дүң түшүм  арпа  8572,4 тонна, буудайдыкы 2449,6 тоннаны түздү.

2023-жылга салыштырмалуу буурчак 6 тоннага, картошка 83 тоннагы, жашылча 12,6 тоннага, жүгөрү 2165,5  тоннага көп жыйналды.

2024-жылы айдалган жүгөрү 118 га толук  жыйналып  алынып,   Миң-Булак, Чет-Нура, Жан-Булак, Учкун, Эмгек-Талаа айыл өкмөттөрүндө 2 382 тн чыктуу тоюттар (сенаж, силос) даярдалды.

Район боюнча дыйкандар тарабынан тоют катары   10 га буудай, 848 га арпа  тоют катары чөпкө чабылып, Нарын райондук мамлекеттик администрациясынын 2024-жылдын 3-октябрындагы №343-б буйругу менен 858 га дан эгиндин структурасынан чыгарылып, бир жылдык чөптүн  түшүмүнө которулду жана  10 га сафлор өспөй калгандыктан айдоонун структурасынан чыгарылды.  Күзгү оруп жыйуу жумуштары  3-октябрга карата  толук бүткөрүлгөн.

Айдалган дан эгиндеринен  ичинен 858 гектар аянты тоют катары чабылып кеткендигине карабастан, дан эгининин орточо түшүмдүүлүгү 2023-жылга салыштырмалуу буудай 1,7 ц/га, арпа 2,4  ц/га жогорулап, дан эгиндин дүң түшүмү 14 миң 301,0  центнерге көбөйгөн.

Айыл чарба өсүмдүктөрүнүн дүң түшүмүнүн көбөйүшү негизинен аянттарды көбөйтүүнүн (жерди экстенсивдүү пайдалануу) эсебинен  өсүш берген, ал эми  түшүмдүүлүктү жогорулатуунун башка себептерине (жер аянтын интенсивдүү пайдалануу, сапаттуу үрөн себүү, жерди агротехникалык эрежелерди сактоо менен иш алып баруу, жер иштетүү маданиятын жогорулатуунун жаңы ыкмаларын колдонууга) көңүл бөлүнбөй келет.

2024-жылга район боюнча 145 га коңтормо, 686 га тоңдурма иштери жүргүзүлдү.

Айыл чарбасын каржылоо

Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети тарабынан «Айыл чарбасын каржылоо-12» долбоору аркылуу 31 дыйканга 4 млн 250 миң сом, 220  фермерге  97 млн 350,0 миң сом жалпы 101 млн 600 миң сом жеңилдетилген кредиттер берилген.

2024-жылы КАПК менен кластер-лизинг боюнча 10 техника 25 млн 258 миң 312 сомго, кластер-айыл чарба боюнча 2 мал чарбачылыгына жана 1 бал  өндүрүү багытында 3 млн 850 миң сом алынган, жалпы 29 млн 108,3 миң сом берилген.

Ирригация

           Нарын райондук суу чарба башкармалыгынын 2024-жылдын капиталдык ремонт иштерине 15 млн 118,9 миң сомго каржыланып 10 млн 322,2 миң сомго аткарылган, 1 млн 42,3 миң сом тендерден өткөрүүдө экономия болгон, ал эми 3 млн 754,3 миң сом материал катары турат, мунун ичинен техника ремонттоого 2 млн 807,7 миң сом, насостук станцияларды ремонттоо жумуштарына 3 млн 896,2 миң сом, каналдардын ремонттоо жумуштарына 3 млн 461,1 миң сом, автомеханизмдерге GPS орнотуу үчүн 157,0  миң сом каралды.

Жалпы мекеме боюнча 19,8 км канал механикалык тазалоодон өтүп, утурумдук ондоо 100,8 миң сомго аткарылган. 2024-жылы сугат сезонунда 16-апрелден баштап сугат суу бериле баштаган, вегетация мөөнөтүндө сугат суу тартыштыгы болгон жок. Күзгү ным топтоо жумуштарына  Кажырты жана БНК каналдарынан суу берилген.

Эмгек-Талаа айыл аймагына караштуу Шоро айылындагы  “Ак-Суу” каналынын ремонт иштеринде акча каражаты толук бөлүнүп, курулуш жумуштарына жергиликтүү тургундарды тартуу иштери айыл өкмөт тарабынан уюштурулбагандыктан, каналды оңдоп-түзөө жумуштары аягына чыкпай калган.

Мал  санак

Райондун аймагында малдарды жана үй-канаттууларды 2024-жылдын  аягына карата кайра саноо жөнүндө Нарын райондук мамлекеттик администрациясынын 2024-жылдын 5-декабрындагы №420-б буйругу чыгарылып, 2 жолку отурум өткөрүлүп,  иш чаранын жол жобосу, маанилүүлүгү тууралуу түшүндүрүү иштери жүргүзүлгөн. Иш чаранын жыйынтыгы менен район боюнча 2025-жылдын 1-январына  карата  өткөн  жылга салыштырмалуу ири мүйүздүү мал 101,6 % га же

899 баш,  кой-эчки 100,0 % га же  86  баш, жылкы 100,0 %  га  же 2  баш, үй  канаттуулары 101,3 %  га  же 550 ка көбөйгөн.

Район боюнча мал санактын жыйынтыгында малдын башы өскөнү менен Дөбөлү айыл өкмөтүндө  ири-мүйздүү мал 43 башка,  кой-эчки 168 башка, жылкы 87 башка жана канатуулар 374 башка,  Жерге-Тал айыл өкмөтүндө кой-эчки 584 башка, Миң-Булак айыл өкмөтүндө кой-эчки 11 башка, Чет-Нура айыл өкмөтүндө ири мүйүздүү мал 2 башка азайып кеткен.

Ветеринария

2024-жыл ичинде райондо эпизоотиялык кырдаал туруктуу кармалды.        Нарын райондук ветеринардык башкармалыгы тарабынан 2024-жылга алдын ала жазалуучу 46 ветеринардык иш план кабыл алынып,  мунун ичинен жыл ичинде 38 иш чарасы  100 пайызга аткарылган.

“Шарп” ылаңына  каршы  эмдөө план боюнча 140 000 башка эмдөө пландалса, иш жүзүндө 107 200 баш ири мүйүздүү малга  эмдөө жүргүзүлүп,  план 76,5 % га аткарылган. Себеби, 2024-жылга карата 110 000 вакцина эле келген.

Ири мүйүздүү малдардын паратуберкулез ылаңына серомониторинг жүргүзүү иш чарасы 36,8 га  жана кой, эчкилердин паратуберкулез ылаңына серомониторинг жүргүзүү иш чарасы 50,0% га  аткарылган. Себеби, лабораторияда антиген жоктугуна байланыштуу проба толук жөнөтүлгөн эмес.

Иттерди цестодоз ылаңына каршы дегельминтизациялоого мамлекет тарабынан алынып берилүүчү азинокс таблеткасы келбегендиктен жеке менчик ветеринардык аптекалардан Броновол плюс таблеткасы иттердин ээлери тарабынан алынып берилип, дегельминтизациялоо иш чаралары жүргүзүлүп, план 50% га аткарылган.

Иттерди эхинококкоз ылаңына каршы 2024-жылдын  декабрь айында Кыргыз Улуттук  ветеринариялык илим изилдөө институту тарабынан текшерүү жүргүзүлүп,  план 55 % аткарылган.

Кой, эчкилердин “Чума” ылаңына каршы алдын ала эмдөө план боюнча 170 000 баш малга жүргүзүлө турган болсо, иш жүзүндө  122 773 башка эмдөө жүргүзүлүп, 72,2 % ды түздү жана  “Күл” ылаңына каршы алдын ала эмдөө план боюнча 170 000 баш малга жүргүзүлө турган болсо, иш жүзүндө  136 931 башка эмдөө жүргүзүлүп, 80,5 %  га аткарылган.

Жылкыларды индентификациялоо башталгандан бери 46 471 баш жылкыга чип басылып, базага киргизилген, ал эми 2024-жылдын  12 айына карата 1795 баш жылкы идентификациядан өткөрүлгөн, ал эми жыл башынан бери 23 207 жаңы туулган музоолорго  бирка басылып, идентификациядан өткөрүлгөн.

2024-жылдын 12 айына карата 38 ишкердик субьект текшерилип, 12 субьектиге 34,5 миң сом айып пул салынган, мындан сырткары мал, жумуртка ташыган ишкерлерге ветеринардык-санитардык эрежелерди бузгандыгы үчүн 28,0 миң сом айып пул салынды, ветеринардык кызматтын көзөмөлүндө райондо малдарды 10 жасалма уруктандыруучу пункт, 9 Беккари чуңкуру, 4 асыл тукум чарбасы, 41 ветеринардык сервис, 12 ветеринардык клиника, 1 мал базар, 26 малды киринтүүчү жай, 46 раскол, 18 бал челек  иш алып барат.

 Мамлекеттик фондунун жерлери

Айыл өкмөттөр МФ жерлери (га) Ижарага берилген жерлер (га) % менен План боюнча 2024-жылга  карата түшө турган акча (мин сом) Факт   (миң сом) % менен
1 Дөбөлү 600 380 63,3 487,9 515,1 105,5
2 Чет-Нура 240 240 100 216,8 309,0 142,5
3 Миң-Булак 905 795 87,8 1000,0 1343,6 134,4
4 Жерге-Тал 613 560 91,3 715,0 1674,2 2,3 эсе
5 Эмгек-Талаа 1256 1226 97,6 903,1 2696,8 2,9 эсе
6 Учкун 509 444 87,2 551,7 1185,0 2,1 эсе
7 Жан-Булак 347 347 100,0 320,0 363,2 113,5
Район боюнча 4470 3992 89,3 4194,5 8086,9 192,8

Район боюнча жалпы мамлекеттик фондунун жерлери 4 470 гектарды түзөт, 2024-жылы жалпы  район боюнча 3 992 гектары ижарага 4 млн 194,5 миң  сомго ижарага берилип, 8 млн 86,9 миң сом өндүрүлүп,  3 млн 892,4 миң сомго ашык аткарылган, мамлекеттик фондунун жерлерин пайдалануу  ижара акылары бардык айыл  өкмөттөр   тарабынан аткарылган.

Бюджет жана салык

Мамлекеттик бюджетке 2024-жылдын жыйынтыгы менен пландалган 237  млн 731,4  миң сомдун ордуна  291 млн 569,6 миң сом чогултулуп,  план 122,6 пайызга аткарылган, же болбосо мамлекеттик бюджетке 53  млн  838,2 миң сом ашыкча чегерилген, мунун ичинен республикалык бюджетке пландалган  118 млн 368,4  миң сомдун ордуна  155  млн 281,2 миң сом чогултулуп,  план 131,2  пайызга аткарылган, же болбосо республикалык бюджетке 36 млн  912,8 миң сом ашыкча чегерилген, ал эми жергиликтүү бюджетке пландалган 119 млн 363,0 миң  сомдун ордуна 136 млн 288,4  миң сом чогултулуп, план 114,2  пайызга аткарылып, 16 млн  925,4  миң сомго көп чогултулган.

Камсыздандыруу төлөмдөрү 2024-жылга карата 434 млн 397,7 миң сом пландалып, 457 млн 243,0  миң сомго, 105,3  пайызга аткарылып, план тапшырма 22 млн 845,3  миң сомго ашык аткарылган, 2023-жылдын ушул мезгилине салыштырмалуу 53 млн 986,5 миң сомго көп чогултулуп, өсүү  темпи 113,4 пайызды  түздү.

Жергиликтүү салыктын эсептелиши жана бюджетке чегерилиши боюнча 101 млн 741,9 миң сом пландалып, 136 млн 164,0 миң сом чогултулуп,  план 133,8 % га аткарылып, 34 млн 422,1 миң сомго ашыкча чегерилгени менен айыл өкмөттөрү боюнча алганда, тазалык салыгынан Эмгек-Талаа айыл өкмөтү 83,2 % га, ал эми патент салыгы боюнча Дөбөлү, Чет-Нура, Миң-Булак ,Жерге-Тал, Учкун, Жан-Булак айыл өкмөттөрүндө аткарылган эмес, себеби соода сатыкта иш алып барган ишкерлер патент салыгынан бошотулуп, салык төлөөнүн бирдиктүү режимине өткөн.

                                             Бюджет (план, факт)

Мамлекеттик бюджет(мин сом) Республикалык бюджет (мин сом) Жергиликтүү бюджет (миң сом)
План факт % Айырма    (+,-) План факт % Айырма    (+,-) План факт % Айырма    (+,-)
237731,4 291569,6 122,6 16594,1 118368,4 155281,2 131,2 36912,8 119363,0 136288,4 114,2 16925,4

                         Социалдык камсыздандыруу боюнча чегерүүлөр

  План (миң сом) Факт(миң сом) % Айырма (миң  сом) (+,-)
Бардыгы       434397,7 457243,0 105,3 22845,3

                                         Бюджет (факт,өсүү темпи)

Мамлекеттик бюджет(миң сом) Республикалык бюджет (миң сом) Жергиликтүү бюджет (миң сом)
2023-ж 2024-ж темп Айырма    (+,-) 2023-ж 2024-ж темп Айырма    (+,-) 2023-ж 2024-ж темп Айырма    (+,-)
222034,7 291569,6 131,3 69534,9 113503,8 155281,2 136,8 41777,4 108530,9 136288,4 125,6 27757,5

 

Салыктык карыздар боюнча

Салыктык карыз 2023-жыл сумма

(миң сом)

2024-жыл сумма

(миң сом

Айырма сумма

(миң сом)

Район боюнча 23 954,4 71 878,9 47 924,5

 

2025-жылдын 1-январына карата негизги карыздын жалпы суммасы  71 млн 878,9 миң сомду түзгөн, 2023-жылга карата карыздардын суммасы боюнча 47 млн 924,5 миң сомго өсүш берген, “АТ Минералз” ЖЧК му отчеттун негизинде 41 млн 976,7 миң сом чыккан, бүгүнкү  күндө аталган ишкана тарабынан бөлүп төлөө жумуштары жургүзүлүүдө, көп өлчөмдө карызы бар субьектилер  “Кум-Бел ЛТД” ЖЧК  жалпы карызы 15 млн 470,7 миң сом Нарын шаардык сотуна материалдары өткөрүлүп берилип, жыйынтыгында бюджетке өндүрүү чечими чыгарылган жана карыздарын өндүрүү максатында тиешелүү мамлекеттик органдарга материалдары жиберилген, андан тышкары “Гео компании” ЖЧК, “Акы Курулуш” ЖЧК, “Эко фрукт Трейд” ЖЧКнан соттун чечими менен  карыздарды өндүрүү  боюнча материалдар сот аткаруучулар кызматына берилип, карыздарды өндүрүү боюнча  жүргүзүлүүдө.

Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын                   26-декабрындагы “Нарын облусунун айыл аймактарындагы ирригациялык системаларды  ичүүчү суу менен камсыздоо системаларын күтүү  жана  өнүктүрүү, ошондой эле жайыттарды башкаруу маселелерин натыйжалуу чечүү жөнүндө”      №713 токтомун аткарууда салыктык эмес төлөмдөрдүн өндүрүлүшү 2025-жылдын              8-январына карата.

Айыл өкмөт Жалпы
План Факт %
Дөбөлү 4076,6 4097,4 100,5
Жан-Булак 3022,7 3022,9 100,0
Жерге-Тал 4337,8 4391,5 101,2
Миң-Булак 10638,3 9458,3 88,9
Учкун 3537,0 3641,0 102,9
Чет-Нура 4072,4 4157,4 102,1
Эмгек-Талаа 4644,0 4644,0 100,0
Район боюнча 34328,8 33412,5 97,3

 

2024-жылдын 12 айына карата жайыт, таза суу, сугат суу жана тазалык акыларын  өндүрүү  34  млн 328,8  миң сомго пландалып, 23 млн  412,5 миң сом өндүрүлүп, план  97,3% га аткарылды.  Миң-Булак айыл өкмөтүндө план аткарылбай калган таза суу  акысы 82,5% га таштанды 84,4 % га, сугат суу 77,2 % га жана жайыт акыны өндүрүү 97,4% га гана аткарылып калган. Ал эми калган айыл өкмөттөрдө план аткарылган.

 

Дотациянын деңгээли

Көрсөткүчтөр Дөбөлү Жан-Булак Жерге-Тал Миң-Булак Учкун Чет-Нура Эмгек-Талаа Район боюнча
1 Киреше 2024 24272,1 19303,4 34140,4 60818,7 20222,1 19961,6 23321,6 202039,9
2023 28577,3 16630,4 23567,6 49486,3 19483,9 16305,0 27103,1 181153,6
+,- -4305,2 2673,0 10572,8 11332,4 738,2 3656,6 -3781,5 20886,3
2 Теңдештирилген грант 2024 9366,0 1034,8 10549,2 29275,3 7892,8 14259,1 8045,2 80422,4
2023 10263,0 4654,0 9602,0 34810,0 11432,0 16843,0 10489,0 98093,0
+,- -897 -3619,2 947,2 -5534,7 -3539,2 -2583,9 -2443,8 -17670,6
3 Республи-кадан кошумча келген каражат 2024 5036,7 5060,9 2231,2 3700,7 5522,8 6398,4 7127,4 35078,1
2023 16269,9 12072,1 12635,5 14921,3 12817,8 12504,2 12367,8 93588,6
+,- -11233,2 -7011,2 -10404,3 -11220,6 -7295,0 -6105,8  

-5240,4

-58510,5
4 Жалпы район б-а 2024 38674,8 25399,1 46920,8 93794,7 33637,7 40619,1 38494,2 317540,3
2023 55110,2 33356,5 45805,1 99217,6 43733,7 45652,2 49959,9 372835,2
+,- -16435,4 -7957,4 1115,7 -5422,9 -10096,0 -5033,1 -11465,7 -55249,8
5 Дотация % 2024 37,2 24,0 27,2 35,2 39,9 50,9 39,4 36,4
  2023 48,1 50,1 48,5 50,1 55,4 64,3 45,8 51,4
  +,- -10,9 -26,1 -21,3 -15,0 -15,6 -13,4 -6,3 -15,0

Нарын районунун 2024-жылга карата камсыз кылган дотациянын деңгээли былтыркы жылдын ушул мезгилине салыштырмалуу 36,4 % ды түзүп, 15,0 пайызга  азайган.

2024-жылдын жыйынтыгы менен  айыл өкмөттөрдүн бюджети (атайын каражаттарды эсепке алганда) 317 млн 540,4 миң сомду түзүп, былтыркы жылга салыштырмалуу 55 млн 249,8 миң сомго азайган, себеби тендештирилген грант              17 млн 670,6 миң сого жана  республикадан келген кошумча каражат 58 млн 510,5 миң сомго азайган, ал эми жергиликтүү бюджеттин кирешеси (атайын каражаттарды кошкондо) 202 млн 39,9 миң сом болуп,  20 млн 886,3 миң сомго көбөйгөн.  Жергиликтүү бюджеттин кирешеси жалпы район боюнча  жогорулаганы менен былтыркы жылга салыштырмалуу Дөбөлү айыл өкмөтүндө 4 млн 305,2 миң сомго жана Эмгек-Талаа айыл өкмөтүндө 3 млн 781,5 миң сомго азайган.

2025-жылдын 1-январына карата кирешеден калган  калдык жалпы 72 млн 912,1 миң сомду түздү, анын ичинен 27 млн 422,7 миң сом сметадан пайдаланылбай калган, алар Эмгек-Талаа 3 млн 685,7 миң сом, Чет-Нура 2 млн 288,1 миң сом, Учкун 4 млн 247,2 миң сом,  Миң-Булак 12 млн 15,1 миң сом, Жерге-Тал  2 млн 493,2 миң сом, Жан-Булак 1 млн 998,2 миң сом, Дөбөлү 695,2 миң сом, ал эми кирешеден ашык аткарылган сумма бардык айыл өкмөттөр боюнча            45 млн 26,2 миң сом, 2023-жылдан калган калдыктан  Эмгек-Талаа айыл өкмөтү 399,3 миң сом, Миң-Булак айыл өкмөтү 63,9 миң сом, жалпы  463,2 миң сом  айылдык кеңештердин  чечими чыгарылбагандыктан  калып калган.

Атайын каражаттардын эсебинен  Жерге-Талда 7 млн 575,4 миң сом  “АТ- Минералз” ЖЧК тарабынан спонсордук жардам катары берилген акча каражаты жана  2023-жылдан калган калдыктан Миң-Булакта 475,0 миң сом, Жан-Булакта             5 млн 491,9 миң сом (Достук айылынын таза  суу системасын куруу  жумуштары аяктабагандыктан) жалпы,  5 млн 966,9 миң сом калдык калган.

Ал эми максатуу трансферттен Учкун айыл  өкмөтүндө 214,4 миң сом пайдаланылбай калгандыктан Финансы Министрлигинин республикалык бюджетине  кайтарылып кетүүсүнө, ал эми  Нарын райондук өнүктүрүү фондунун эсебинде 3 млн 60,0 миң сом экономикалык долбоорлорду каржылоо боюнча пайдаланылбай калган, долбоор Кыргыз Республикасынын Финансы Министрлигинин Финансы Кредиттик фондунун Нарын аймактык бөлүмүнө сунушталып долбоор өтпөй, каржыланбай  калган.

 Дем  берүүчү  грант

Нарын району боюнча 2024-жылга үлүштүк (дем берүүчү) гранттын эсебинен каржылоого 7 долбоор  жактырылып,  долбоорлор ишке ашырылып, 100% бүткөрүлдү, республикалык бюджеттин дем берүүчү грант  аркылуу  Эчки-Башы айылындагы Ж.Иманалиев мектеби, Миң-Булак айылындагы Сырымбет-Ата бала бакчасы, Оттук айылындагы кичи футбол аянтчанын курулушу, Куланак айылындагы А.Аралбаев атындагы  мектептин, Жылан-Арык айылындагы бала бакчанын, Жерге-Тал айылындагы Р.Өмүракунова атындагы балдар-бакчанын, Кызыл-Жылдыз айылындагы С.Чечейбаева атындагы клубду ремонттоо иштери жүргүзүлдү.

2025-жылга айыл өкмөттөр  тарабынын жалпы 15 долбоор тапшырылып, байкоочу кеңештин отурмунда каралып, учурда Кыргыз Республикасынын Финансы Министрлигине сунушталаган.

 Инвестиция жана  курулуш,  кызмат көрсөтүү.

2024-жылдын 12 айына карата жалпы 6 млрд 6 млн 482,3 миң сомдук ар кандай долбоорлор аткарылган, анын ичинен республикалык бюджеттен   386  млн  918,8 миң сом (стим грант 13 млн  561,5  миң сом, капиталдык салымдар 373 млн 357,3 миң сом), жергиликтүү бюджеттен  46 млн  838,4  миң сом, эл аралык уюмдардан 192 млн 742,2  миң сом, жергиликтүү фонддордон 116 млн 693,1 миң сом, жеке ишкерлер тарабынан  5 млрд 263  млн  289,8  миң сом.

Инвестиция тартуу багытында райондо бир катар алгылыктуу долбоорлор ишке ашты, ири долбоорлордон  өндүрүш багытында Солтон-Сары кенинде Кыргыз-Кытай “Жон-Жи Майнинг Компани” биргелешкен ишканасы  тарабынан алтын ылгоочу фабрика курулуп сыноо ирээтинде ишке берилди, Нарын өндүрүштүк ишканасы” ЖЧК тарбынан кубаттуулугу 100 мВт Куланак ГЭСинин жана ирригация тармагында Куланак өзү агып чыгуучу каналдын курулуш жумуштары  жүргүзүлүүдө.

Райондо инвесторлорго жагымдуу шарт түзүү максатында Миң-Булак айыл өкмөтүнө караштуу Кош-Дөбө участкасынан 30,77 га  жер аянты трансформацияланып Кытай ишкерлери менен биргеликте ал жерге машина чогултуучу, кагаз чыгаруучу, айыл чарба багытындагы дрон чыгаруучу жана заманбап лампаларды чыгаруучу заводдорду жайгаштыруу жумуштары жүрүп жатат,  ушул эле участоктон 1 га жер аянтына бетон завод жайгаштуруу жана  Кара-Бүк  участогунан  “Азиан Фуд Экспорт” ЖЧКна 3 га жер аянты берилип, учурда ал жерге тоок этин кайра иштетүүчү заводдун курулуш жумуштары жүрүп жатат.

Курулуш

2024-жылы республикалык бюджеттин “Капиталдык салымдар” беренеси аркылуу каржыланган обьектилерден Эмгек-Талаа айыл өкмөтүндөгү Ак-Кудук айылындагы 150 орундуу Омор уулу Кожоке атындагы мектеп, Дөбөлү айыл өкмөтүнүн Таш-Башат айылындагы спорт комплексинин курулуш жумуштары,  Жерге-Тал айыл өкмөтүнүн Кызыл-Жылдыз айылындагы таза суу системасынын реабилитациялоо  жумуштары аяктап, пайданууга берилди.

2024-жылы республикалык бюджеттин “Капиталдык салымдар” беренеси аркылуу каржыланып Миң-Булак айыл өкмөтүндө А.Тыныбек атындагы 375 орундук жана  Б.Кыязов атындагы 150 орундуу мектеп, Чет-Нура айыл өкмөтүндө М.Байдөөлөтов мектеби 225 орундуу,  Жерге-Тал айыл өкмөтүнүн Кызыл-Жылдыз айылындагы М.Иманалиев 150 орундуу, Учкун айыл өкмөтүнүн Жылан-Арык айылындагы 150 орундуу К.Жусупов атындагы мектептердин, Лахол айылындагы спорт комплекстин  жана Нарын райондук  балдар жана өспүрүмдөр спорт мектебинин имаратынын курулуш жумуштары жүрүп жатат.

Республикалык бюджеттин капиталдык салымдар беренесинен каржылоосуна сунушталган  Дөбөлү айыл өкмөтүнүн Таш-Башат айылындагы Д.Мамбетов, Эки-Нарын айылындагы М.Мамбетов, Чет-Нура айыл өкмөтүнүн Ак-Кыя айылындагы М.Бекмуратов, Эмгек-Талаа айыл өкмөтүнүн Шоро айылындагы мектептин, Миң-Булак айыл өкмөтүнүн Оттук жана Эмгекчил айылындагы мектептердин долбоорлук сметалык документациясы даярдалууда.

Эмгек-Талаа айыл өкмөтүндөгү Ак-Кудук айылында 50 орундуу балдар- бакчанын имаратынын курулуш жумуштары “Кумтөр Оперейтинг Компани” ЖЧКнун каржылоосу аркылуу ишке ашырылып жатат, курулушту  аягына чыгаруу максатында кошумча каржылоо булагын табууга  Нарын облустук “Теңир-Тоо өнүктүрүү” фондуна долбоор  сунушталды.

Республикалык бюджеттин капиталдык оңдоп түзөө иштерине планга киргизилген  обьектилерден Жерге-Тал айылындагы “Өрнөк” балдардын билим берүү борборунун ремонту, Жерге-Тал айылындагы А.Табалдиев  мектебинин эшиктерин алмаштыруу, Дөбөлү айыл өкмөтүнүн Дөбөлү айылындагы Ө.Токтосунов атындагы орто мектептин чатырын жабуу, Жан-Булак айылында А.Жутакеев мектебинин ремонттоо жумуштары жүргүзүлдү.

АРИС аркылуу Эчки-Башы, Ак-Кыя айылдарында  ФАПтар  курулуп ишке берилди, Эмгек-Талаа айыл өкмөтүнүн Шоро айылындагы ФАПтын ремонту, Эмгекчил  айылындагы ФАП ремонттолуп,  стом кабинетке медициналык жабдуу алынды, Достук айылындагы мектептин терезелери алмашылды, Жылан-Арык айылындагы бала бакчанын ремонт жумуштары жүрдү, Куланак айылында ГСВ ремонттон өткөрүлдү.

Нарын облустук “Теңир-Тоо” өнүктүрүү фонду тарабынан Ак-Булуң айылындагы К.Күчүков атындагы мектепке инвентарь алынды, Эчки-Башы айылындагы балдар-бакчанын кошумча корпусу ремонттолду, К.Рысмендиев атындагы мектептин жана көмүркананын чатырчасы жаңыланды. Эмгек-Талаа айылындагы С.Мамбетов атындагы мектепке заманбап компьютердик класс уюштурулду жана Ак-Талаа, Дөбөлү айылдарына кичи футбол аянтчасы курулду. Эмгекчил айылындагы Ак-Марча каналынын курулуш жумуштары жүргүзүлүүдө.

“Нарын райондук өнүктүрүү фонду” тарабынан социалдык-инфраструктуралык долбоорлор:  Жерге-Тал, Эмгек-Талаа, Мин-Булак  айыл өкмөттөрүнө өзгөчө кырдаалдарга керектүү шаймандар алынды, Оттук айылындагы А.Алымкулов атындагы каналдын ремонт жумуштары жүрдү, Чет-нура айыл өкмөтүнүн айылдарынын башкы пландарын чийдирүү жана таштанды таштоочу жайларын тосуу, Орук-там айылындагы Чоң-Арык каналын тазалоо жумуштары, Чет-Нура айыл өкмөтүнүн каналдарына суу бөлүштүргүч курулмаларын куруу, Орто-Нура айылындагы парктын ремонту, Дөбөлү айыл өкмөтүнүн 8 сугат суу каналдарын тазалоо, Кызыл-Жылдыз айылына парк куруу, Кызыл-жылдыз айылындагы М.Иманалиев атындагы мектептин электр жабдууларын жаңылоо, Ийри-Суу айылынын Көк-Жайык участогуна тосмо тосуу, Ак-Кыя айылындагы ФАПтун курулуш жумуштарына акча каражатын бөлүү, Кайыңды айылындагы М.Кенжакунов мектебине инвентарь алуу, Казан-Куйган айылында кичи футбол аянтчасыны курулушу, Куланак айылындагы Суук-Капчыгай участкасындагы кыян суу жеп кеткен жолун оңдоо, Кур-Терек участкасына  суу чыгарууга суу түтүктөрүн алуу, Сары-Ой айылына таза суу мунарасын куруу, Орук-Там айылындагы А.Алсеитов мектебинин жана Орук-Там келечеги балдар-бакчанын айланасын тосуу, Орто-Нура айылындагы Б.Бекжанов мектебине инвентарлар алынды.

Экономикалык долбоорлор: Арашан койлорду көбөйтүү долбоору Миң-Булак айыл өкмөтү жеке ишкер Н.Мырзабек кызы, этти кайра иштеттүү боюнча долбоор Миң-Булак айыл өкмөтү жеке ишкер А.Жумашев, Дөбөлү айыл өкмөтү жеке ишкер асыл тукум мал өстүрүү Э.Орозоев.

Азия Өнүктүрүү Банкы тарабынан  каржылануучу долбоорлор таза суу системасын курууга 1-этабында Жерге-Тал айыл өкмөтүнүн Жалгыз-Терек, Жан-Булак айыл өкмөтүнүн  Жан-Булак, Чет-Нура айыл өкмөтүнүн Орто-Саз, Ак-Кыя, Төш-Булак, Орук-Там айылдарынын таза суу системасын реабилитациялоо жумуштары аяктады.

Райондук өнүктүрүү  фонду

Райондук өнүктүрүү фондусуна 2024-жылга  карата  25 млн 536,7 миң сомго 24 долбоор каржыланган, ал эми  2025-жылга карата айыл өкмөттөр тарабынан 31 долбоор сунушталган, анын ичинен байкоочу кеңештен 11 долбоор өттү, ал эми калган долбоорлор кошумча акча каражаты түшсө каржыланат.

Ачылган ишканалар

Айыл аймактарында  ишканаларды ачуу, салыктан каттоодон  өткөрүү, салык алуу базасын кеңейтүү  тапшырмасына ылайык, 2024-жылга карата 12 айына карата  16  ишкана  ачылып  627 жумуш орду менен камсыз болуп (мунун ичинен 350 жумуш орду Куланак ГЭСинин курулушундагы жумуш орундар), 8 млрд 620,4 млн 431,0  мин сом инвестиция жумшалган.

Райондун  экономика  тармактарын, калкын  2024-2025-жылдардын күз-кыш мезгилине даярдоо, өткөрүү

Нарын району боюнча 2024-2025-жылдардын күз-кыш мезгилине даярдоо боюнча  билим берүүгө 3455,4 тонна, маданиятка 129,1 тонна, кесиптик билим берүүгө  57,0 тонна, коргоого (рай военкомат) 55,0 тонна, айыл  өкмөттөрдүн  аппаратына 116,5 тонна тартуу пландалып, “Кыргыз көмүр” мамлекеттик ишканасы тарабынан 100 %, медицина тармагына болсо 271 тн (110%),  элге 12 126 тн (91,2%) тартылды. Элге көмүр отуну 5500-6500 сомго чейин сатылууда.

Күз-кыш мезгилине карата калктын аз камсыз болгон бөлүгүнө көмүр отунун алууга жергиликтүү бюджеттен жана демөөрчүлөр тарабынан  аз камсыз жана ДМЧ үй-бүлөлөргө  441,9 тн тартылган.

Нарын РЭТи тарабынан аткарылган жумуштар

2024-жылдын 12 айына карата Нарын райондук электр тарамдарында жалпы  104 млн 124 миң кВт/саат электр энергиясы келип түшкөн былтыркы жылга салыштырмалуу 8 млн 20,6 миң кВт/саатка көп. Кабыл алынган энергиянын ичинен жалпы коромдор 16 млн 491,5 миң кВт/саат же 15,84 % ды түзүп, 2 млн 859,6 миң кВт/саатка же 1,6 % ке көбөйгөн.

2024-жылга карата жалпы дебитордук карыз 19 млн 454,19 миң сомду түзүп, өткөн жылдын ушул мезгилине салыштырмалуу 476,3 мин сомго азайган. Жалпы дебитордук карыздардын ичинен жергилүктүү бюджеттен каржыланган мекемелердин карызы жок, республикалык бюджеттин бүгүнкү күнгө  карызы 838,4 миң сом, өнөр жай ишканалары 856,39 миң сом,  калктын карызы 12 млн 52,0 миң сом,  жана башка  карыздар 5 млн 707,0  миң сомду түздү.

Нарын РЭТи тарабынан Дөбөлү айыл өкмөтүнүн Таш-Башат айылын спорт мектебине 0,5 км 10 кВ аба чубалгысы тартылып, 160 кВа трансформатор койулду, Эки-Нарын айылынын борбордук көчөсүнө 1 км аба чубалгысы алмаштырылды.

Чет-Нура айыл өкмөтүнүн Орто-Нура айылына  10 кВ  0,5км аба чубалгысы тартылып 10,04 кВ  250 кВа трансформатор койулуп,   2,761 км 0,4 кВ  СИП 2                аба чубалгысы тартылып алмаштырылды. Мин-Булак айыл өкмөтүнүн Эмгекчил айылында 2,978 м 0,4 кВ СИП 2 аба чубалгысы тартылып,  2 даана трансформатору алмаштырылды, Куйбышев айылында 6,3 км А3*50 мм аба чубалгысы жаңыртылып тартылды. Оттук айылына 0,7 км 10 кВ аба чубалгысы тартылып 10,04 кВ  250 кВа трансформатор койулду.

Эмгек-Таала айыл өкмөтүнүн Ак-Талаа айылында 43 даана зым тирек жана Эмгек-Талаа айылында 23 даана зым тиректер алмаштырылып жаңыланды.

Учкун  айыл өкмөтүнүн Куланак айылында 1,405 м СИП 2 аба чубалгысы тартылып, 250 кВа трансформатор койулду жана Учкун айылында 1,365 м СИП 2 аба чубалгысы тартылып, 400 кВА трансформатор жана кошумча 160 кВа трансформатор койулду.

Нарын РЭТи боюнча 10/0,4 кВ 51 даана комок чордон жана 10 кВ аба чубалгысынан 32 км накталап ондоодон өткөрүлдү 10/0,4 кВ 240 даана көмөк чордон жана 10 кВ  298 км  0,4 кВ 346 км аба чубалгылары  учурдагы ондоодон өткөрүлдү.

Жол тармагы

2024-жылы  №8 ЖТИ тарабынан жалпы 107 млн 816,3 сомго жумуштар аткарылган, мунун ичинен 92 млн 276,9 миң сомго орто оңдоо жумуштары жасалган, алсак Он-Арча-Жаңы-Талап-Ашырма унаа жолунан 4 км, 8-Март унаа жолунан 2 км, Үч-Нура унаа жолунун 4 км, Пионер жолунан 1 км жол асфальтталды, 2025-жылга карата асфальттоо жумуштары үчүн Нарын-Орук-Там унаа жолунан 4 км, Кызыл-Жылдыз айылынын ички жолунан 3 км жолдун негизи жазалды.

№8 Жол тейлөө ишканасы тарабынан Нарын–Орук-Там унаажолунун 14-15, 20-23 чм аралыктарына 4 чакырымга  асфальт төшөө жумуштарында убагында бүткөрүлбөй, көзөмөлгө алынбай жергиликтүү жашоочулардын нааразычылыктарын жаратып, арыз даттануулардын келип чыгышына себеп болгон.

Ал эми 2024-жылы  №41 ЖТИ тарабынан жалпы 29 млн 254,6 сомго жумуштар аткарылган, мунун ичинен 2025-жылга карата  асфальттоо жумуштарына карата Миң-Булак айылынын ички жолдорунун негизи жазалган.

Андан тышкары №8, №41 жол тейлөө ишканалары тарабынан жолдорду учурдагы оңдоо, кышкы күтүү, жайкы күтүү, табигый кырсыктарды калыбына келтирүү жана күндөлүк оңдоо жумуштары аткарылган.                      

Санариптик  трансформациялоо

Кыргыз Республикасынын Президентинин 2020-жылдын 17-декабрындагы “КР Мамлекеттик башкаруусуна санариптик технологияны киргизүүнү активдештирүү боюнча кечиктирилгис чаралар жөнүндөгү” № 64 Жарлыгын аткарууга алынууда, Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин протоколдук тапшырмасын, Кыргызы Республикасынын Министрлер Кабинетине караштуу мамлекеттик кызмат жана жергиликтүү өз алдынча башкару иштери боюнча мамлекеттик агенттигинин 2023-жылдын 10-октябрындагы онлайн кеңешмесинин, ыйгарым укуктуу өкүлдүн 11.10.2023-ж.№01-17/3346 тапшырмасын аткарууга карата Нарын райондук мамлекеттик администрациясынын 12.10.2023-ж. № 357-б буйругу менен жумушчу топ түзүлүп, айылдарда   жашап турган калкты 100 пайыз каттоого алуу боюнча  акимдин биринчи орун басарынын жетекчилигинде жумушчу топ түзүлүп,  иш жүргүзүп келди.

Натыйжада район  боюнча 2025-жылдын 20-январына карата “Санарип Аймак”  бирдиктүү электрондук маалымат тутумуна калктын 88,44 пайызы, үй чарбасынын 96,19 пайызы киргизилди.

Кыргыз Республикасы Министрлер Кабинетинин 2023-жылдын   17-февралындагы №59 тескемесинин (веб сайт) талаптарын аткаруу максатында Нарын райондук мамлекеттик администрациясынын жана райондун айыл өкмөттөрүнүн  веб сайттары жаңыртылып, маалыматтар киргизилүүдө.

Жарандардын кайрылуулары

Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрациясынын                 2022-жылдын 5-сентябрындагы №22-4206 тапшырмасына ылайык, Нарын райондук мамлекеттик администрациясынын башчысы-акимдин буйругу менен бекитилген графикке ылайык акимдин орун басарлары жана тиешелүү мекеме жетекчилери менен биргеликте айыл аймактардагы жергиликтүү тургундардын жүйөлүү арыз даттанууларын, көйгөйлөрүн жеринде карап,  чечүү үчүн жолугушуулар өткөрүлгөн. Нарын райондук мамлекеттик администрациясынын 2022-жылдын 9-ноябрындагы №297-б буйругу иштелип чыгып, жетекчиликтин жарандарды кабыл алуу графиги бекитилип, коомдук кабылдама үчүн атайын электрондук дарек ачылып, буйрук аткарууга жиберилген.

Кыргыз Республикасынын Президентинин 2022-жылдын 11-октябрындагы №197 тескемеси менен бекитилген “Коомдук кабылдамалар жөнүндө” жобонун  талаптарын аткаруу максатында Нарын райондук мамлекеттик администрациясынын коомдук кабылдамасы имараттын 1-кабатында жайгаштырылып, тийиштүү инвентарлар менен камсыз болгон жана 2024-жылдын 26-февралында видеокөзөмөл орнотулуп, Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрациясынын жана Министрлер Кабинетинин чечимдерин аткарууну контролдоо башкармалыгынын кырдаалдык борборуна туташтырылган. Акимдин жеке кабыл алуусу жуманын шаршемби күнү, биринчи орун басары бейшемби күнү, орун басары жума күндөрү кабыл алуу жүргүзүшсө, калган иш күндөрүндө жооптуу кызматкерлер график боюнча кабыл алуу жүргүзүп келишүүдө. Кабыл алуулар үчүн атайын журнал уюштурулуп, кабылдамага келген жарандар журналга катталууда. Жетекчилердин жана жооптуу кызматкерлердин ишин жакшыртуу максатында даттануу бурчу уюштурулуп, даттануу китеби жана аны колдонуу тартиби жарандарга жеткиликтүү жерге коюлганын белгилейбиз. 2024-жылга карата “Коомдук кабылдамага” жалпы 352 жаран кайрылып, тиешелүү жооптору берилип, түшүндүрүү иштери жүргүзүлгөн. Ал эми жазуу жүзүндө 108 даттануу катталган жана бул даттануулардын басымдуу бөлүгү Учкун, Миң-Булак, Эмгек-Талаа, Чет-Нура айыл өкмөттөрүнөн түшкөн.

Жогорудагы тапшырмада көрсөтүлгөндөй социалдык түйүндөр аркылуу чыгып жаткан кайрылууларды мониторинг жүргүзүү жана Кыргыз радиосунда ар жуманын бейшемби күндөрү болуучу «Биринчи кабылдама» радио уктуруусунда берилген арыз даттануулар менен иш алып баруучу үчүн жооптуу кызматкер  Нарын райондук мамлекеттик администрациясынын 2022-жылдын                           8-сентябрындагы №235-б буйругу менен бекитилип иш алынып барылууда. Нарын райондук мамлекеттик администрациясына 2024-жыл ичинде аталган радио уктурууга 19 жаран 26 суроо менен кайрылган. Булардын ичинен 10 маселе чечилип, 16 суроо боюнча түшүндүрүү иштери жүргүзүлгөн жана кайрылуулардын басымдуу бөлүгү Учкун, Жерге-Тал, Миң-Булак айыл өкмөттөрүнөн түшкөнүн белгилейбиз.

Аткаруучулук тартип

“Infodocs” электрондук документти жүргүзүү системасы аркылуу иш алып барууда Нарын райондук мамлекеттик администрациясы тарабынан методикалык жардам берилип, тийиштүү тапшырмалар берилгендигине карабастан, дагы эле болсо орчундуу кемчиликтер аныкталууда, Жерге-Тал айыл өкмөтүндө 2024-жылдын ичинде жалпы 261 кат, ал эми акыркы айда 7 кат кечиктирилип жабылган, Учкун айыл өкмөтүнүн “Infodocs” электрондук документти жүргүзүү системасы аркылуу 2024-жылдын ичинде жалпы 419 кат, ал эми акыркы айда 8 кат кечиктирилип жабылган, Жан-Булак айыл өкмөтүндө 2024-жылдын ичинде жалпы 27 кат кечиктирилип жабылган акыркы айда катталган эмес,Миң-Булак  айыл өкмөтүндө 2024-жылдын июль айынан бери 104 кат кечиктирилип жабылган, акыркы айда катталган эмес, Дөбөлү айыл өкмөтүндө жалпы 51 кат кечиктирилип жабылган, акыркы айда катталган жок, Чет-Нура  айыл өкмөтүндө 2024-жылдын ичинде 13 кат кечиктирилип жабылган, акыркы айда катталган эмес, Эмгек-Талаа  айыл өкмөтүндө 2024-жылдын ичинде 65 кат кечиктирилип жабылган, акыркы айда катталган эмес.

Кылмыштуулук, коомдук саясий кырдаал

Нарын райондук ички иштер бөлүмүнүн өндүрүшүнө, жалпы электрондук маалымат журналына 945 учур катталып, былтыркы жылга салыштырмалуу 225  учурга  көп катталган.

Район боюнча жалпы кылмыш ишинин бетинин ачылышы 96,4 % ды түзүп,      3,6 %  га төмөн болгон.

Кылмыш иликтөө багыты боюнча отчеттук мезгилде өндүрүшкө 58 кылмыш иш өткөрүлүп,былтыркы жылга салыштырмалуу 7 учурга көп болуп, 56 кылмыш ишинин беттери ачылып, кылмыштын бетин ачуу 96,4 % ды түзүп, салыштырмалуу 3,6 %  га  төмөн болгон.

Мал уурулук боюнча жалпы 18 (былтыр 9) 9 га көп сотко чейинки  өндүрүш иши болуп, 15 (былтыр 9) кылмыш ишинин бети ачылып, 2  иш соттун кароосуна жиберилип, кылмыштын бетин ачуу 94,4% (былтыр 100%) салыштырмалуу 5,6 % га төмөн болгон. 2024-жылдын 12 айына карата 1 кылмыш ишинин бети ачыла элек.

Батир уурулук кылмыштары боюнча жалпы 5 (былтыр 7) учур сотко чейинки өндүрүш иши болуп, козголгон кылмыш иштеринин ичинен 4 (7) кылмыш ишинин  бети ачылып, кылмыш ишинин бетинин ачылышы 80 % (былтыр 100 %) түзүп 20 % га  төмөн болгон. 2024-жылдын 12 айына карата 1 кылмыш ишинин бети ачылган эмес.

Кылмышкерлерди издөө боюнча  жалпы 2 (1998-жылдан бери издөөдө турат). Дайынсыз жоголгондор боюнча 7 адам издөөдө турат.

Жол  кыймылынын  коопсуздугу  боюнча

Райондо  2024-жылдын 12 айында  34 (былтыр 41) жол кырсыгы катталып, андан  12 адам каза болуп, 64 (былтыр 117) адам жаракат алган, алардын себептери боюнча караганда 13  жол кырсыгы жогорку ыдамдыкта айдоодон, 14 жол кырсыгы  каршы тилкеге чыгуудан, жөө жүргүнчү чыга калуу 1, капысынан чыга калуу                  1, токтоп турган унааны сүзүү 1, транспорт каражаты бузук абалда болгон 1, жол белгисине баш ийбеген учур 2 жана байкабай калуудан 1 учур  келип чыккан.

Жол кырсыгы катталган 34 учурдун  Бишкек-Нарын-Торугарт автожолунан  24 учур,  Нарын-Орук-Там автожолунда 3 учур, Нарын-Баетов автожолунан 3 учур Он-Арча-Жаңы-Талап-Ашырма автожолунан 2 учур жана Сары-Булак-Арчалуу-Орук-Там автожолунан 2 учур  катталган.

Өзгөчө кырдаалдын алдын алуу  жана жарандык коргонуу

2024-жылдын 12 айында  Нарын районунун аймагында  Жерге-Тал, Дөбөлү айыл өкмөттөрүндө 2 кар көчкүнүн учуру, 1 жер титирөө учуру Миң-Булак айыл өкмөтүндө, кыян сууларынын каптоо 2 учуру Учкун айыл өкмөтүндө  катталган. Кырсыктардын  кесепеттерин жоюу боюнча жарандык коргоону комиссиясы   тарабынан жеринде ыкчам иш алып барылып, тиешелүү жумуштар жүргүзүлгөн.

Өзгөчө кырдаалдардын  кесепетинен адам өмүрүнө жана ден соолугуна зыян келтирген учурлар катталган жок.

Жергиликтүү бюджеттен бөлүнгөн акча каражаты боюнча

2024-жылга Нарын районундагы айыл өкмөттөрдүн жергиликтүү бюджетинен өзгөчө кырдаалдарды алдын алуу жана кесепеттерин жоюу багытына 2 млн 101,0 сом акча-каражаты каралган каралган,  1 млн  410,0 сом алдын алуу жумуштарына колдонулуп, калдык  691,0  сому колдонулган эмес.

Катталган  өрт кырсыктар боюнча:

2024-жылдын 12 ай ичинде район аймагында 12 өрт кырсыгы катталган. өрттүн кесепетинен  5 млн 736,6 миң сомдук материалдык чыгым келтирилип,                16 млн 500,0 мин сомдук материалдык баалуулуктар сакталган. 2024-жылы 2023-жылга салыштырмалуу 6 өрткө аз жана  28  учурга куткаруу иштери аз катталган.

Камсыздандыруу боюнча

Кыргыз Республикасынын Президентинин 2024-жылдын 20-мартындагы “Кыргыз Республикасынын камсыздандыруу рыногун өнүктүрүү боюнча чаралар жөнүндөгү” №79  Жарлыгына жана Кыргыз Республикасынын  2015-жылдын                31-июлундагы «Турак-жайды өрттөн, табигый кырсыктардан милдеттүү  камсыздандыруу жонүндөгү» №209 Мыйзамын  Нарын районунун аймагында аткарууга алуу максатында, административдик аймакта катталган турак-жайдын санына жараша камсыздандырууну 30% га жеткирүү боюнча берилген планга ылайык, айыл аймактары боюнча төмөндөгүдөй жумуштар аткарылган:

Айыл аймактын аталышы Турак  жайдын

саны (жалпы)

Аткары луучу           30 % план Аткарылганы

(камсыздандырылган

турак-жай)

 

%

Соц .обьек  тилер боюнча
1 Эмгек-Талаа 1203 362 198 54,6 0
2 Жерге-Тал 1133 341 154 45,1 12
3 Мин-Булак 2251 677 402 59,3 29
4 Дөбөлү 1047 315 381 120% 12
5 Чет-Нура 896 269 252 93,6 1
6 Учкун 1151 346 234   67,6 10
7 Жан-Булак 413 124 118 95,1 10
Бардыгы 8094 2434 1739

 

   71,4 74

 

Жер  мунапысы

«Жер укуктук  мамилелерди жөнгө салуу жөнүндө» Кыргыз  Республикасынын Мыйзамына ылайык, мыйзамсыз курулган турак жайларга жеке менчик тууралуу мамлекеттик актыларды берүү боюнча Нарын райондук мамлекеттик администрациясынын  буйругу менен Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 31-майындагы №291 токтому менен бекитилген «Жер мунапысын жүргүзүүнүн тартиби жөнүндө» Жобого ылайык, тиешелүү мамлекеттик органдардын башчыларынан турган комиссиянын курамы түзүлүп, иш алынып барылууда.

Комиссияга жалпы 653 арыз сунушталып, 503 арыз коомчулукка жарыяланып,  300 укук күбөлөндүрүүчү документтери алынган.  300 мамлекеттик актылар арыз ээлерине тапшырылганы менен 203 арыз ээлери тарабынан мамлекеттик актылар бүгүнкү күнгө чейин алына элек.  Айыл өкмөттөр боюнча Дөбөлү айыл аймагынан 14 арыз коомчулукка  жарыяланып, 11 мамлекеттик акты, Жан-Булак айыл аймагынан 21 арыз коомчулукка жарыяланып, 12 мамлекеттик акт, Миң-Булак айыл аймагынан 124 арыз коомчулукка жарыяланып,                                95 мамлекеттик акт, Учкун айыл аймагынан 260 коомчулукка жарыяланып, 133 мамлекеттик актылар алынган. Алып айтсак,  Учкундан 127, Жерге-Талда 32,     Миң-Булакта 27,  Эмгек-Талаада 7,     Жан-Булакта  5,  Дөбөлүдөн 3, Чет-Нурадан  2   мамлекеттик актыларды  арыз ээлерине алдыруу боюнча иш-аракеттер толук кандуу жүргүзүлбөй келүүдө.

 

Кыргыз  Республикасынын Президентинин 2022-жылдын  8-апрелиндеги «Жерлерди өзү билемдик менен мыйзамсыз ээлеп алуу фактыларын алдын алуу болтурбоо боюнча чаралар жөнүндө»

 №109 Жарлыгы

Жарлыкка ылайык Нарын райондук мамлекеттик администрациясынын буйругу менен тиешелүү комиссия түзүлүп,  айыл аймактарда  түшүндүрүү иштери жүргүзүлүп, айыл аймактарда укук күбөлөндүрүүчү документтеринен сырткары айыл тургундары тарабынан ашык  пайдаланган жер аянттары айыл өкмөттөр тарабынан такталган.

Аныкталган  жер аянттарынын жана кызыл сызыктан өтүп кеткен  айыл тургундарына 2023-жылдын 15-апрелине чейин толук түшүндүрүү иштерин жүргүзүү менен (билдирүүлөрдү берүү) 1-майына чейин толук тосмолорун алдыруу боюнча айыл өкмөт башчыларына  тапшырмалар берилген.

Тапшырмага ылайык,  бүгүнкү күндө айыл өкмөттөр тарабынан укук күбөлөндүрүүчү документтеринен сырткары ашык колдонулуп  жаткан айыл      Чет-Нура айыл 13 га, Эмгек-Талаа айыл аймагынан 9 га,  Дөбөлү  айыл аймагынан 7,80  га,  Жан-Булак айыл аймагынан 30 га, Учкун айыл аймагынан 65 га,  Жерге-Тал айыл аймагынан 30,70 га  жер аянттары,  Миң-Булак айыл аймагынан 2,90  га, жалпы 178,4 га айыл өкмөтүнө кайтарылганы менен Эмгек-Талаа, Миң-Булак айыл аймактарында толук кандуу иш аракеттер жүргүзүлбөй келет. Мындан сырткары, айыл аймактарда айыл тургундары тарабынан пайдаланып келген жайыттарды айыл өкмөттөр тарабынан инвентаризациялоо жүргүзүлбөй, 5-7 жылга чейин пайдаланууга алып, тиешелүү төлөмдөрдү төлөбөй бүгүнкү күнгө чейин пайдаланып келген айыл тургундары кездешүүдө.

Жооп калтыруу