2024-жылы Нарын районунда куралды, ок-дарыларды мыйзамсыз жүгүртүү фактылары боюнча козголгон кылмыш иштерин тергөөсүнүн абалы жана соттук кароонун жыйынтыгы жөнүндө
2024-жылы Нарын районунун аймагында куралды, ок-дарыларды мыйзамсыз жүгүртүү фактылары боюнча жалпы 20 материал катталып, тергөөгө чейинки текшерүүнүн жыйынтыгы менен 6 факт боюнча кылмыш иши козголуп, 14 факт боюнча кылмыш ишин козгоодон баш тартылган, анын ичинен 4 материал боюнча Кыргыз Республикасынын Укук бузуулар жөнүндө Кодекси менен чара көрүлгөн.
Жогорудагы 6 кылмыш иши Кыргыз Республикасынын КЖКнин 267-бер. (куралды, ок-дарыларды мыйзамсыз жүгүртүү) менен козголуп, 2 иш бир өндүрүшкө бириктирилип, тергөөнүн жыйынтыгы менен 5 кылмыш иши негизинен кароо үчүн Нарын райондук сотуна жиберилген.
Нарын райондук сотунун өкүмү менен 5 кылмыш иши боюнча 5 айыпталуучуга 50 000 сомдон баштап 100 000 сомго чейин айып пул салынып, мыйзамсыз делген ок атуучу куралдар Нарын ОИИБна өткөрүлүп берилген.
Эскертип кетүүчү жагдай, Кыргыз Республикасынын КЖКнин 267-беренесинин эскертмесине ылайык, ушул беренеде көрсөтүлгөн ок атуучу куралдарды жана ок дарыларды өз ыктыяры менен укук коргоо органдарына тапшырган адам ушул беренеде каралган жосун үчүн кылмыш-жаза жоопкерчилигинен бошотулат.
Нарын районунун прокурорунун орун басары
юстициянын майору ​​​​​​​Ж.Бактыбекова

Жооп калтыруу