НАРЫН РАЙОНДУК ПРОКУРАТУРА ЖАНА ИЧКИ ИШТЕР БӨЛҮМҮ ТАРАБЫНАН ОКУУЧУЛАРГА ЛЕКЦИЯ ОКУЛДУ

2025-жылдын 19-февралында Нарын районунун прокуратурасы жана Нарын райондук ички иштер бөлүмү менен биргеликте Кыргыз Республикасынын Президентинин 26.05.2023-жылдагы “Балдардын мектепте акысыз билим алуу укугун ишке ашырууга мамлекеттик кепилдиктерди камсыз кылуу боюнча чаралар жөнүндө” 136 сандуу Жарлыгынын, Кыргыз Республикасынын Башкы прокурорунун 25.08.2022-жылдагы №57-Б буйругунун жана 28.02.2023-жылдагы №2-К көрсөтмөсүн аткаруу максатында Нарын районуна караштуу Казан-Куйган айылындагы Түгөл уулу Усупбек атындагы орто мектебинде мектеп окуучулары, ата-энелери жана мектеп жамааты менен “Балдардын мектепте акысыз билим алуу укугун ишке ашырууга мамлекеттик кепилдиктери жөнүндө”, “Балдар арасында жана балдарга карата жасалган кылмыштуулукту, үй-бүлөлүк зомбулукту, мектеп окуучулары арасында опузалап акча талап кылуу фактыларын жана өзүн-өзү өлтүрүү учурларды алдын алууга багытталган” иш-чара өткөрүлдү.
Аталган иш-чарада, балдар арасындагы укук бузуулар, мектеп окуучулары арасында опузалап акча талап кылуу фактылары көбөйүп жаткандыгы белгиленип, мектеп окуучуларга укук бузуу жана кылмыштын кесепеттери, ага карата жазалоонун катаалдыгы жана келечекке тийгизген таасири тууралуу тарбиялык лекция окулду.

Жооп калтыруу