2025-жылдын 18-февралында билим берүү сапатын жогорулатууга жана мыкты окуучуларды аныктоого багытталган Республикалык предметтик олимпиаданын райондук баскычы болуп өттү.
Олимпиадага жалпысынан район боюнча 240 окуучу катышып, физика, математика, химия, биология, география, кыргыз тили, орус тили, англис тили предметтеринен билимин сынашты.
Олимпиада учурунда окуучулардын коопсуздугу жана ден соолугунун сакталышы биринчи орунда болуп, укук коргоо органдары тарабынан тартип камсыз кылынып, ал эми медицина кызматкерлери тарабынан окуучулардын ден соолугуна көзөмөл жүргүзүлдү.
Олимпиада окуу жыл ичинде 4 этап менен өткөрүлөт: мектептик, райондук, облустук жана республикалык этаб.
Өткөрүлгөн олимпиаданын жыйынтыгы 2-баскыч өткөндөн кийин жарыяланып, кийинки этапка өткөн окуучуларды облустук деңгээлдеги таймаш күтөт.
Предметтик олимпиаданын максаты- окуучулардын билим деңгээлин текшерүү, предметтер боюнча терең жана кеңири ойлонууга шыктандыруу. Олимпиада ар бир окуучунун интеллектуалдык потенциалын жана жана билим деңгээлин жогорулатуу болуп саналат.
Ошондой эле билимге кызыккан жана өзүнүн билим деңгээлин жогорулатууга умтулуп жаткан окуучуларга чоң мүмкүндүк жана келечектеги илим, билим, технология тармактарында жаңы лидерлерди даярдоого өзгөчө салым кошот.