ДОСТУК АЙЫЛЫНЫН ЖАШООЧУЛАРЫ МЕНЕН ЖЫЙЫН ӨТКӨРҮЛДҮ

Бүгүн, 29-январда Жан-Булак айыл өкмөтүнө караштуу Достук айылынын жергиликтүү тургундары менен жолугушуу өткөрүлдү.
Жыйынга Нарын райондук мамлекеттик администрациясынын башчысы-аким Н.Мадимаров, Кыргыз Республикасынын Президентинин Нарын облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн аппаратынын инспектордук жана уюштуруу бөлүмүнүн башкы адиси Ж.Дөөлөтбаев, Жан-Булак айыл өкмөтүнүн башчысы У.Боскунчиев жана айыл тургундары катышты.
Достук айылында өткөн элдик жыйындын эң негизги максаты- 2024-жыл ичинде аткарылган иштердин жыйынтыктары жана 2025- жылда аткарыла туруучу иштердин пландары боюнча сунуштар кабыл алынып,талкууланып, иш-аракеттер пландалды ошондой эле айыл тургундарынын маселелерин жерин угуу.
Жыйындын жүрүшүндө айыл өкмөт башчы тарабынан жыл ичинде айылдын инфраструктурасын өнүктүрүүдө аткарылган иштер боюнча тургундарга маалымат берилди.
Андан соң айыл тургундары тарабынан жайытка, үлүш жерге болгон муктаждыктарын, электр энергия, жол, таза суунун реконструкция иштерин аяктоо жана саркынды сууларды чыгаруу ( канализация) боюнча суроолор берилди.
Жергиликтүү тургундар тарабынан берилген суроолорго район акими, айыл өкмөт башчысы жана тиешелүү адистер тарабынан жооптор берилип, аталган маселелердин аткарылышы боюнча айыл өкмөт башчысына тез ара иш алып баруу боюнча тапшырмалар берилди.

Жооп калтыруу