НАРЫН РАЙОНУНУН АКИМИ ЖЕР-ЖЕРЛЕРДЕ ЖЕРГИЛИКТҮҮ ТУРГАНДАР МЕНЕН ЖОЛУГУШУП, ЖЫЛДЫК ОТЧЕТТОР БЕРИЛҮҮДӨ

2025-жылдын 21-22-январь күндөрү Жан-Булак, Жерге-Тал жана Чет-Нура айыл өкмөттөрү тарабынан жылдык отчеттор берилип, эл менен жолугушуулар болуп өттү.
Жыйынга Нарын райондук мамлекеттик администрациясынын башчысы-аким Н.Мадимаров, Нарын районунун прокурору Д.Суранбеков, Нарын райондук ички иштер бөлүмүнүн начальнигинин орун басары Т.Ашырбаев, мекеме жетекчилер, айыл өкмөт башчылары жана жергиликтүү тургундар катышты.
Жыйында айыл өкмөт башчылары тарабынан 2024-жылдагы бюджеттин аткарылышы, тартылган инвестициялар, муниципиалдык ишкананын ишмердүүлүгү, социалдык-экономикалык жактан аткарылган иштер, көрсөткүчтөр жана жетишкендиктер боюнча жалпы маалымат берилди.
Ошондой эле бюджеттин бир бөлүгү айылдын социалдык инфратүзүмүнө, билим берүү жана саламаттыкты сактоо тармактарына да багытталган. Мында балдар бакчаларынын абалын жакшыртуу, мектептердин материалдык базасын күчөтүү сыяктуу жаңылоо иштерине да жумшалган.
2024-жылы айыл өкмөттөрүнүн жергиликтүү бюджеттери негизинен социалдык жана инфраструктуралык өнүүгүлөргө жумшалган.
Нарын районунун акими жергиликтүү тургундар менен жолугушууда Президент Садыр Жапаровдун жүргүзгөн саясаты,иш-аракеттери өлкөнүн социалдык-экономикалык абалын жакшыртууга багытталып, ар бир аймакка жекече камкордук көрсөтүлүп жатканын белгиледи. Ошондой эле айылдарда социалдык маселелерге көңүл бурулуп, мектептердин курулуш иштери, оорукана жана социалдык объектилердин абалдарын жакшыртуу үчүн мамлекеттик бюджеттен акча каражат бөлүнүп каржыланып жаткандыгы, айыл аймактарга инвестициялык долбоорлорду тартуу, инфраструктураны жаңылоо, жаңы жумушчу орундарын түзүү жана калктын коопсуздугун, саламаттыгын камсыз кылуу үчүн мамлекеттик колдоо күчөтүлүп жаткандыгына токтоло кетти.
Жыйындын жүрүшүндө 2025-жылда ишке ашырала туруучу долбоорлор, аймактагы инфраструктуралык көйгөйлөрдү чечүү, калкка кызмат көрсөтүүнү жакшыртуу жана социалдык чөйрөнү өнүктүрүү боюнча иш-аракеттер тууралуу маалыматтар берилип, жергиликтүү тургундар тарабынан дагы сунуштар айтылды.
Жер-жерлерде өткөрүлгөн жыйындар суроо-жооп менен коштолуп, жер, жайыт, жол тармагы, электр энергия, алыскы жайыттар, БСР куруу боюнча суроолор берилип, жеринде мекеме жетекчилери тарабынан жооптор берилди.

Жооп калтыруу