Бүгүн, 23-январда Миң-Булак айыл өкмөтүнүн административдик имаратынын жыйындар залында эл менен жолугушуу өткөрүлүп, айыл өкмөттүн 2024-жылга карата аткарган иштердин отчету берилди.
Жыйынга Нарын райондук мамлекеттик администрациясынын башчысы-аким Н.Мадимаров, Нарын райондук ички иштер бөлүмүнүн начальниги К.Тукеев, райондук мекеме, ишкана жетекчилери, Миң-Булак айыл өкмөтүнүн башчысы Б.Кошалиев, айылдык Кеңештин төрагасы К.Усупов жана жергиликтүү тургундар катышты.
Жыйындын жүрүшүндө Миң-Булак айыл өкмөтү 2024-жылы алгылыктуу иштерди аткарып, айылдын социалдык жана экономикалык абалын жакшыртууга багытталган бир катар долбоорлор, иштер ишке ашырылган.
Жалпысынан 2024-жылда инфраструктураны жакшыртуу, социалдык кызматтарды кеңейтүү, саламаттык сактоо, мектеп, бала бакчаларын материалдык базасын чыңдоо, айыл аймакта жүргүзүлүп жаткан курулуштар, экономика жана ишкердикти кеңейтүү, жаңы ишканаларды ачуу жана инвестицияларды тартуу, социалдык колдоо жана жардам көрсөтүү тармактарында аткарылган иштер, жергиликтүү тургандарга видеоролик аркылуу маалыматтар берилди.
Жыйында тургундар тарабынан айылдардагы эгиндердин өсүшүн камсыз кылууда, сугат суу, азык-түлүк коопсуздугун алдын алуу жана айыл чарба өндүрүшүнүн натыйжалуулугун жогорулатууда маанилүү болгон ирригация (каналдар) боюнча, электр энергия, саламаттык сактоо, жол жана жайыт маселелери боюнча суроолор берилип, суроолорго тиешелүү жооптор берилди.
Жолугушуунун соңунда Нарын районунун акими Н.Мадимаров КРнын Президенти Садыр Жапаров тарабынан өлкөдө экономикалык, социалдык, инфраструктуралык жактан өнүгүшү, элдин турмуш шартын жакшыртууга, жашоо сапатын көтөрүүгө жана мамлекеттин туруктуулугун камсыз кылууга багытталган иш-аркеттерди белгиледи.
Президентибиз өлкөнүн эл аралык аренадагы ордун бекемдеп, башка мамлекеттер менен кызматташууну жакшыртты, өлкөдө ишкерлик чөйрөсүн колдоо жана өнүктүрүүдө, анын ичинде салыктык жеңилдиктерди берүү, ишкерлик үчүн шарттарды жакшыртуу, чакан жана орто бизнести колдоо боюнча программа жана долбоорлор ишке ашып жаткандыгы, өлкөдө сырттан жана ички рыноктон инвестицияларды тартуу, жаны ишканалдарды ачуу менен жаңы жумушчу орундарын түзүү, билим берүү тармагында мектептердин салынышы, мектептерди заманбап жабдуулар менен камсыз кылуу, жаңы билим берүү стандарттарын киргизүү, калкты электр-энергиясы менен үзгүлтүксүз камсыздоодо чакан ГЭСтердин курулушу жана өлкөдө ички жана сырткы коопсуздукту камсыз кылуу, кылмыштуулукка, коррупцияга каршы күрөшүүдө өлкө башчыбыз С.Жапаровдун жетекчилиги астында алгылыктуу иш аракеттер жүргүзүлүп жаткандыгын баса белгилей кетти.
2024-жыл Нарын району үчүн жемиштүү жылдардан болгонун белгилеп, Миң-Булак айыл аймагынын Солтон-Сары участкасындагы “Бучук” алтын кени сыноо ирээтинде өз ишмердүүлүгүн баштады, аймактын энергетикалык коопсуздугун камсыздоо жана электр энергиясын өндүрүүдө маанилүү болгон Куланак ГЭС тин курулушу, чакан ишканалар ачылып, жаңы жумуш орундары түзүлгөндүгү жана Кур-Терек участкасында 4 заводдун курулушу жакында башталаарына токтоло кетти.
Ошондой эле билим берүү тармагында мамлекеттин колдоосу менен райондо 5 мектептин, 2 спорт комплекстин, 1 бала бакчанын курулушу жүрүп жатканын жана саламаттыкты сактоо, калкты социалдык жактан колдоо боюнча жүргүзүлгөн иштер боюнча маалымат берди.