Бүгүн 24-январда Нарын райондук мамлекеттик администрациясынын жыйындар залында Нарын районунун 2024-жылдагы социалдык-экономикалык ѳнүгүүсүнүн жыйынтыктары жѳнүндѳ жана 2025-жылга коюлган иш милдеттери боюнча коллегиялык отурум болуп өттү.
Коллегиялык отурумга Нарын райондук мамлекеттик администрациясынын башчысы-аким Мадимаров Нуридин Султанович, орун басарлар, коллегия отурумунун мүчөлөрү, райондук мекеме-ишканалардын жетекчилери, айыл өкмөт башчылары, жооптуу катчылар жана айыл өкмөттөрдү муниципалдык ишкананын жетекчилери катышты.
Күн тартибинде төмөнкү маселе каралды:
- Нарын районунун 2024-жылдагы социалдык-экономикалык ѳнүгүүсүнүн жыйынтыктары жана 2025-жылга иш милдеттери жѳнүндѳ;
Кыргыз Республикасынын Президенти жана Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети тарабынан берилген тапшырмалары аткарылып, экономикалык багытта райондо өнөр жай продукциясын өндүрүүнүн көлөмү 2024-жылдын жыйынтыгы менен 620 млн 846 миң 300 сомдук өнөр жай продукциялары өндүрүлгөн, физикалык көлөмдүн индекси 125,2 % камсыз кылынды.
Бюджет жана салык: Мамлекеттик бюджетке 2024-жылдын жыйынтыгы менен пландагы 237 млн 731 миң 400 сомдун ордуна 291 млн 569 миң 600 сом чогултулуп, план 122,6 пайызга аткарылган, же болбосо мамлекеттик бюджетке 53 млн 838 миң 200 сом ашыкча чегерилген, мунун ичинен республикалык бюджет 118 млн 368 миң 400 сомдун ордуна 155 млн 281 миң 200 сом чогултулуп, план 131,2 пайызга аткарылган, же болбосо республикалык бюджетке 36 млн 912 миң 800 сом ашыкча чегерилген, ал эми жергиликтүү бюджетке 119 млн 363 миң сомдун ордуна 136 млн 288 миң 400 сом чогултулуп, план 114,2 пайызга аткарылып, 16 млн 925 миң 400 сомго көп чогултулган.
Инвестиция, курулуш жана кызмат көрсөтүү: 2024-жылдын 12 айына карата жалпы 6 млрд 6 млн 482,3 миң сомдук ар кандай долбоорлор аткарылган, анын ичинен республикалык бюджеттен 386 млн 918,8 миң сом (стим грант 13 млн 561,5 миң сом, капиталдык салымдар 373 млн 357,3 миң сом), жергиликтүү бюджеттен 46 млн 838,4 миң сом, эл аралык уюмдардан 192 млн 742,2 миң сом, жергиликтүү фонддордон 116 млн 693,1 миң сом, жеке ишкерлер тарабынан 5 млрд 263 млн 289,8 миң сом.
Райондун аймагында ири долбоорлор: Инвестиция тартуу багытында райондо бир катар алгылыктуу долбоорлор ишке ашты, ири долбоорлордон өндүрүш багытында Солтон-Сары кенинде Кыргыз-Кытай “Жон-Жи Майнинг Компани” биргелешкен ишканасы тарабынан алтын ылгоочу фабрика курулуп сыноо ирээтинде ишке берилди, Нарын өндүрүштүк ишканасы” ЖЧК тарбынан кубаттуулугу 100 мВт Куланак ГЭСинин жана ирригация тармагында Куланак өзү агып чыгуучу каналдын курулуш жумуштары жүргүзүлүүдө.
Райондо инвесторлорго жагымдуу шарт түзүү максатында Миң-Булак айыл өкмөтүнө караштуу Кош-Дөбө участкасынан 30,77 га жер аянты трансформацияланып Кытай ишкерлери менен биргеликте ал жерге машина чогултуучу, кагаз чыгаруучу, айыл чарба багытындагы дрон чыгаруучу жана заманбап лампаларды чыгаруучу заводдорду жайгаштыруу жумуштары жүрүп жатат, ушул эле участоктон 1 га жер аянтына бетон завод жайгаштуруу жана Кара-Бүк участогунан “Азиан Фуд Экспорт” ЖЧКна 3 га жер аянты берилип, учурда ал жерге тоок этин кайра иштетүүчү заводдун курулуш жумуштары жүрүп жатат.
Ачылган ишканалар: Айыл аймактарында ишканаларды ачуу, салыктан каттоодон өткөрүү, салык алуу базасын кеңейтүү тапшырмасына ылайык, 2024-жылга карата 12 айына карата 16 ишкана ачылып 627 жумуш орду менен камсыз болуп (мунун ичинен 350 жумуш орду Куланак ГЭСинин курулушундагы жумуш орундар), 8 млрд 620,4 млн 431,0 мин сом инвестиция жумшалган.
Курулуш
2024-жылы республикалык бюджеттин “Капиталдык салымдар” беренеси аркылуу каржыланган обьектилерден Эмгек-Талаа айыл өкмөтүндөгү Ак-Кудук айылындагы 150 орундуу Омор уулу Кожоке атындагы мектеп, Дөбөлү айыл өкмөтүнүн Таш-Башат айылындагы спорт комплексинин курулуш жумуштары, Жерге-Тал айыл өкмөтүнүн Кызыл-Жылдыз айылындагы таза суу системасынын реабилитациялоо жумуштары аяктап, пайданууга берилди.
2024-жылы республикалык бюджеттин “Капиталдык салымдар” беренеси аркылуу каржыланып Миң-Булак айыл өкмөтүндө А.Тыныбек атындагы 375 орундук жана Б.Кыязов атындагы 150 орундуу мектеп, Чет-Нура айыл өкмөтүндө М.Байдөөлөтов мектеби 225 орундуу, Жерге-Тал айыл өкмөтүнүн Кызыл-Жылдыз айылындагы М.Иманалиев 150 орундуу, Учкун айыл өкмөтүнүн Жылан-Арык айылындагы 150 орундуу К.Жусупов атындагы мектептердин, Лахол айылындагы спорт комплекстин жана Нарын райондук балдар жана өспүрүмдөр спорт мектебинин имаратынын курулуш жумуштары жүрүп жатат.
Эмгек-Талаа айыл өкмөтүндөгү Ак-Кудук айылында 50 орундуу балдар- бакчанын имаратынын курулуш жумуштары “Кумтөр Оперейтинг Компани” ЖЧКнун каржылоосу аркылуу ишке ашырылып жатат, курулушту аягына чыгаруу максатында кошумча каржылоо булагын табууга Нарын облустук “Теңир-Тоо өнүктүрүү” фондуна долбоор сунушталды.
Социалдык тармак боюнча:
Жалпы республикалык тестирлөө:
Жалпы республикалык тестирлөөнүн жыйынтыгы менен 2022-2023-окуу жылында жалпы бүтүрүүчүлөрдүн саны 554 болуп, анын ичинен 510 бүтүрүүчү ЖРТга катышып, анын ичинен 310 окуучу 110 баллдан жогору алып 61% түзгөн. Ал эми 2023-2024-окуу жылында жалпы бүтүрүүчүлөрдүн саны 554 болуп, анын ичинен 503 бүтүрүүчү ЖРТга катышып, анын ичинен 382 окуучу 110 баллдан жогору алып 75,6% түздү. Былтыркы жылга салыштырмалуу 14,6% жогорулаган.
Бала бакчалар боюнча:
Район боюнча 2 жаштан 5 жашка чейинки бакча курагындагы балдардын саны 3305 түзсө, анын ичинен 35 мектепке чейинки билим берүү мекемелеринде 2277 бала 10 сааттык, ал эми 3 сааттык программа менен 6 тайпада 135, “Келечек билим берүү” программасы менен 21 тайпада 375 бала жалпы 2787 (2284) бала же 84,3% (65,8) бакчага тартылып, былтыркы жылга салыштырмалуу балдарды бакчага тартуу 18,5%га өстү.
Саламаттык сактоо тармагы:
Балдарга көрсөтүлгөн кызматтар боюнча:
Райондун аймагында 2024-жыл ичинде 654 (635) бала төрөлүп, былтыркы жылга салыштырмалуу 19 балага көп төрөлгөн. Район боюнча 2023-2024-жылдарда эненин өлүмү катталган жок.
Пенсияларды чектөө боюнча:
2024-жылга карата 9883 жаранга пенсия чектелсе, алардын ичинен 9879 пенсионерге 1 млр 164 млн 582 миң 700 сом каржыланды. 2024-жылдын 1-октябрынан баштап пенсиянын орточо өлчөмү 10806 сом болуп, салыштырмалуу 12,6% көтөрүлдү.
Социалдык контракт боюнча:
Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 15-
июлундагы «Социалдык контракттын негизинде социалдык жардам берүү жөнүндө» №385 токтому менен бекитилген Жобого ылайык, район боюнча 248 бизнес долбоор өтүп, долбоордун негизинде 100 000 сом өлчөмүнө социалдык жардам 248 үй-бүлөгө көрсөтүлүп социалдык келишимдер түзүлгөн.
Социалдык контракттын негизинде 802 (624) баланын жөлөкпулу кыскарып, 12 айдын ичинде 16 млн 431 миң 840 (6 млн 707 миң 580) сом үнөмдөлүүдө.
Маданият тармагы боюнча:
М.Баетов атындагы маданият үйүнүн материалдык–техникалык базасын чыңдоо оңдоп-түзөөдө жумуштарына 7млн 180 миң 500 сом, жылытуу тутумун орнотууга 2 млн 776 мин 400 сом.
ЛЭД экран 845 миң 500 сом, интерактивный панель 2 даана 250 миң сом, Сахна кийимдери 400 миң сом, музыкалык аппаратура 54 миң 500 сом берилип, жалпы 11 млн 506 миң 900 сом каржыланган.
Кыргыз Республикасынын Президентинин 2022-жылдын 24-февралындагы “Кыргыз Республикасында үй-бүлөлүк салтанаттарды жана маркумду эскерүү үрп адаттарын тартипке келтирүү боюнча чаралар жөнүндө”№54 Жарлыгы боюнча:
2024-жылдын 12 айына Нарын районунда акыркы сапарга узатуулардын саны жалпы 185 (274) түзгөн. Союлган малдарды алсак: ири мүйүздүү мал 30 (48), жылкы 152 (170), кой 47 (134) союлган. Былтыркы жылга салыштырмалуу малдын союлушу 65 пайызга азайган.
Ысырапкорчулукту болтурбоо максатында Нарын районуна караштуу Жан-Булак айылында иш-чара өткөрүлүп, айыл тургуну Орозобаев Бактыбек бир туугандары менен апасы жана бир тууганынын ашын өткөрүүнүн ордуна айыл ичиндеги Кары Осмоналиев көчөсүнүн 2 чакырым жолуна шагыл төгүп оңдоп түзөөдөн өткөрүп берген.
Жыйында күн тартибинде көрсөтүлгөн социалдык-экономикалык ѳнүгүүсүнүн жыйынтыктары боюнча слайд түрүндө аткарылган иштер жөнүндө отчеттор угулуп, ар бир маселелер талкууланып, аткарылып жаткан иштер менен бирге кемчиликтер да кошо белгиленди.
Жыйынтыгында ар бир каралган маселелер боюнча район акими Н.Мадимаров мекеме-ишкананын жетекчилерине жана айыл өкмөт башчыларына тийиштүү тапшырмаларды берип, коллегиялык отурумда күн тартибинде каралган маселе боюнча күчөтүлгөн тартипте иш алып баруу жагын тапшырып, 2025-жылга карата иш милдеттер коюлду.
Жыйындын соңунда мекеме жетекчилери, айыл өкмөт башчылары, жооптуу катчылар, финансы-экономика бөлүмүнүн башчылары , муниципалдык ишкананын жетекчилеринине коррупциялык көрүнүштөрдү алдын алуу жана КР нын Кылмыш жаза кодексинин корррупцияга байлыныштуу беренелерине өзгөртүүлөр киргизилгендиги боюнча түшүндүрүү иштери аким тарабынан жүргүзүлүп, мамлекеттин өнүгүүсүнө салым кошуу үчүн мамлекеттик кызматта ак ниеттик менен так жана таза иш алып барууга чакырды.