КАРА-БҮК УЧАСТКАСЫНДАГЫ ЖҮН ЦЕХТИН ИШМЕРДҮҮЛҮГҮ

Бүгүн, 26-декабрда Нарын райондук мамлекеттик администрациясынын башчысы-аким Н.Мадимаров Кара-Бук участкасында жайгашкан жүн тытуучу цехте болуп, жеринде ишмердүүлүгү менен таанышты.
Аталган жүн цех 2018-жылы жеке ишкер К.Жакшылыков тарабынан уюштурулган.
Жеке ишкер тарабынан ачылган ишканага тартылган инвестициянын жалпы көлөмү- 160 миң доллар.
Жүн цехте күнүнө 300 кг жүн иштелип кийиз жасалат, ал эми жылына 100-150 тонна жүн алынат.
Жасалган кийиз Кыргызстандын аймагына сатылып, 90 пайызы Ысык-Көл облусуна сатылат.
Кара жүн 5-10 сом, ал эми ак жүн 20-30 сомго чейин алынат.
Учурда аталган цехте 5 адам жумуш орду менен камсыз болгон.
Жеке ишкер К.Жакшылыковдун айтуусунда келечекте заманбап жабдууларды алуу менен жумуш ордун кеңейтүү пландалууда.

Жооп калтыруу