2024-жылдын 17-декабрында Нарын райондук мамлекеттик администрациясы жана Нарын райондук прокуратурасы менен биргеликте райондук администрациясынын имаратынын жыйындар залында үй-бүлөлүк зордук зомбулукту, кылмыштуулукту, эрте никеге турууну, суицидди алдын алуу боюнча координациялык кеңешме өткөрүлдү.
Жыйындын күн тартибинде каралган маселе:
1. Нарын районунун аймагында жашы жете элек балдарга карата зомбулук, ырайымсыз мамиле жасоо, өспүрүмдөр арасындагы кылмыштуулукту, рэкетчилик, өз өмүрүн кыюуу (суицид) жана эрте никеге туруу фактыларын алдын алуу максатында 2024-жыл ичинде жүргүзүлгөн иштер жөнүндө.
Жыйында коомдо болуп жаткан үй-бөлүлүк зордук зомбулукту, эрте никеге турууну, суицидди ошондой эле кылмыштуулуктун бардык түрлөрүнө бөгөт коюу, алдын алуу иштери талкууланды.