16 КҮНДҮК АКЦИЯНЫН АЛКАГЫНДА ЖЕР-ЖЕРЛЕРДЕ ТРЕНИНГДЕР ӨТКӨРҮЛДҮ

Нарын районунун бардык айыл аймактарында 16 күндүк “Зордук зомбулуксуз жашоо!” акциясы- зомбулукту алдын алуу, анын кесепеттерин жана ага каршы күрөшүүнүн жолдорун коомго жеткирүү максатында тренингдер өткөрүлдү.
Жер-жерлерде өткөрүлгөн тренингдер
“Бактылуу үй-бүлө дарагы” жана “Бриллиант” методикалары менен өткөрүлдү.
Тренингдин эң негизги максаты- үй-бүлөнү чыңдоо, аял менен эркектин ортосундагы чыр-чатактарды алдын алуу, адамдардын укуктарын коргоо болуп эсептелет.
Ошондой эле мындай тренингдер зордук зомбулуксуз жана коопсуз чөйрөнү түзүү зарылдыгын түшүнүүнү бекемдөөгө жардам берет.
Нарын райондук мамлекеттик администрациясы жана “Тынчтык” коомдук бирикмесинин аткаруучу директору Аттокурова Сюита, ошондой эле Ага-Хан фондунун тоолуу аймактардагы жамааттардын өнүгүүсүн колдоо программасынын “Ден соолуктун негиздери, мүмкүнчүлүктүү жана укуктарды кеңейтүү долбоору”менен биргеликте жогорудагы жер-жерлерде өткөрүлгөн тренингдер ишке ашырылды.
Колдоо көрсөткөн демөөрчүлөргө терең ыраазычылык билдиребиз!

Жооп калтыруу