2024-жылдын 9-10-декабрында Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрациясынын 2024-жылдын 22-ноябрындагы №18-10561 сандуу тапшырмасынын, Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2021-жылдын 24-декабрындагы №338 токтомуна ылайык, Кыргыз Республикасынын жаратылыш ресурстары, экология жана техникалык көзөмөл министрлигинин Экологиялык жана техникалык көзөмөл кызматынын Нарын регионалдык башкармалыгынын 2024-жылдын 25-ноябрындагы №12-22/751 сандуу катынын негизинде Нарын райондук мамлекеттик администрациясынын уюштуруусу менен райондун аймактарындагы 2024-2025-жылдарга карата күз-кыш мезгилинде социалдык объектилердин (мектеп, бала-бакча) директорлордун чарба иштери боюнча орун басарлары (зав.хоз) жана от жаккан-операторлору кырсыктардын алдын алуу боюнча окуудан өттү.
Окуунун жүрүшүндө “Эмгекти коргоо жана техникалык коопсуздук” жана “От жагуудагы от жаккычтардын (операторлор) техникалык коопсуздугу” жана ыш-түтүн (смог) темаларында окуу өткөрүлдү.
Социалдык объектилердин (мектеп, бала-бакча) директорлордун чарба иштери боюнча орун басарлары (зав.хоз) жана от жаккан операторлору республика боюнча биринчилерден болуп окутулуп, жалпы 60 тан ашык кызматкерлери “Кесипкөй” билим берүү борборунун окутуучулары тарабынан билим деңгээлин жогорулатты.
“Кесипкөй” билим берүү борборунун окутуу программасынын алкагында окуунун биринчи күнү теориялык сабактар презентация түрүндө өткөрүлүп, суроо жооп менен пикир алмашуу болду. Ал эми окуунун экинчи күнү практика түрүндө болуп, Нарын шаарында жайгашкан “Нарын жылуулук берүү” мекемесинде жана №1 “Ата-Түрк” балдар бакчасында болуп, отказандар менен жеринде таанышты.
Эки күндүк окутуунун жыйынтыгында, билим деңгээлин аныктоо максатында атайын даярдалган тесттен өтүп, окутулган кызматкерлер “Сертификат” жана “Күбөлүккө” ээ болушту.