ЗОМБУЛУКСУЗ ЖАШОО: 16 КҮНДҮК АКЦИЯНЫН АЛКАГЫНДА ТЕГЕРЕК СТОЛ ӨТКӨРҮЛДҮ

Бүгүн, 10-декабрда Куйбышев айылындагы Актан Тыныбек атындагы орто мектебинде Нарын райондук мамлекеттик администрациясынын “Зордук зомбулуксуз жашоо!” аталышындагы 16 күндүк акциянын алкагында ” БИЗ АР ТҮРДҮҮБҮЗ, БИРОК БИЗ ТЕҢБИЗ!” аталышындагы темада тегерек стол өткөрүлдү.
Иш-чарага Кыргыз Республикасынын Президентинин Нарын облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн аппаратынын башкы адиси Т.Аруунов, Нарын облустук прокурорунун орун басары Кашкарова Гүлмира Нурдинбековна, Нарын облустук ички иштер башкармалыгынын орун басары К.Кабылбеков, Нарын райондук мамлекеттик администрациясынын башкы адиси Э.Байтокова, Нарын райондук ички иштер бөлүмүнүн начальнигинин орун басары Т.Ашырбаев, Нарын райондук билим берүү бөлүмүнүн башчысы Г.Исакова.
Тегерек столдун эң негизги максаты:
1. Үй-бүлөлүк зомбулуктун алдын алуу боюнча стратегияларды талкуулоо, тажрыйба алмашуу жана социалдык топтордун ортосундагы аракеттерди координациялоо;
2. Бул багытта иш алып барган тиешелүү органдардын кызыктар тараптардын биргелешип иш жүргүзүүсүнүн багыттары боюнча диалогду жандандыруу.
Тегерек столдо жарандардын укуктарын жана эркиндигин коргоо, үй-бүлөдө зомбулуксуз жана чыр-чатаксыз жүрүм-турумду жайылтууга багытталган үй-бүлөлүк зомбулуктан коргоо жана сактоо чөйрөсүндө калктын маалымдуулугун жогорулатуу, үй-бүлөлүк зомбулуктан сактоо жана коргоо чөйрөсүндөгү субъекттердин потенциалын жогорулатуу, зордук зомбулукту алдын алуу боюнча түшүндүрүү жүргүзүлдү.

Жооп калтыруу