НАРЫН РАЙОНУНУН ОРТО-САЗ АЙЫЛЫНДА ДЕМӨӨРЧҮ ТАРАБЫНАН КИЧИ ФУТБОЛДУК АЯНТЧА АЧЫЛДЫ

Бүгүн, 10-декабрда Чет-Нура айыл өкмөтүнө караштуу Орто-Саз айылында “Черикбаев Токтор” атындагы кичи футболдук аянтча курулуп, пайдаланууга берилди.
Ачылыш аземге Нарын райондук мамлекеттик администрациясынын башчысы-акимдин биринчи орун басары Т.Кулешов, Чет-Нура айыл өкмөтүнүн жооптуу катчы-орун басар М.Жусубакунова, Чет-Нура айылдык Кеңешинин төрагасы С.Бектемир уулу, Т.Мамыров, Т.Черикбаев, үй-бүлөөсү, жакындары, достору жана айыл тургундары катышты.
Аталган кичи футболдук аянтча Черикбаев Токтордун уулу Черикбаев Талант Аскаровичтин демөөрчүлүгү менен курулуп, пайдаланууга берилди.
Кичи футболдук аянтчанын жалпы наркы 2 млн 500 миң сом.
Акимдин биринчи орун басары Т.Кулешов, Нарын районунун акиминин атынан төмөндөгүдөй ыраазычылыгын билдирди:
Айылдын өнүгүүсүнө кошкон салымыңыз үчүн терең ыраазычылык билдиребиз.
Сиздин колдооңуздун жана демөөрчүлүгүңүздүн жардамы менен жаңы кичи футбол аянтчасы курулуп, ал бардык курактагы жашоочулар үчүн спорт менен активдүү эс алуу үчүн жакшы шарт түзүлдү.
Бул биздин коомчулуктун жашоо сапатын жакшыртуудагы маанилүү кадам.
Көмөгүңүз үчүн ыраазычылык билдиребиз.
Ошондой эле Черикбаев Талантка Чет-Нура айыл өкмөтүнүн жана айылдык кеңештин тарабынан “Ардак грамотасы”, куруу иштеринде талыкпай эмгек кылган куруучуларга “Ыраазычылык каттар” тапшырылды.

Жооп калтыруу