Бүгүн, 3-декабрь- Эл аралык ден соолугунан мүмкүнчүлүгү чектелген жарандардын эл аралык күнүнө карата Нарын райондук мамлекеттик администрациясынын башчысы-аким Н.Мадимаров, Дөбөлү айыл өкмөтүнүн башчысы К.Кудайбергенов менен биргеликте Кеңеш, Дөбөлү айылдарындагы мүмкүнчүлүгү чектелген жарандардан жеринен кабар алды.
Нарын райондук мамлекеттик администрациясынын резервдик фондунан 20 миң сом акча каражаты бөлүнүп, 1-декабрда Бүткүл дүйнөлүк майыптар күнүнө карата ден соолугунан мүмкүнчүлүгү чектелген адамдардын арасында параспартакиаданы өткөрүүгө колдоо көрсөтүлгөн.
Ошондой эле Нарын районунундагы ден соолугунун мүмкүнчүлүк чектелген 50 үй-бүлөгө 4 миң сомдун өлчөмүндө азык-түлүк алынып берилип, материалдык колдоо көрсөтүлдү.
Ал эми айыл өкмөттөрдүн жергиликтүү бюджеттинен жалпы 417 500 сом каралып, 700 майыптыгы бар жарандарга азык-түлүк, белектер жана акчалай жардамдар берилүүдө.
Жалпы Нарын району боюнча 2039 ден соолугунун мүмкүнчүлүгү чектелген жарандар бар.
Анын ичинен 18 жашка чейин мүмкүнчүлүгү чектелген балдар 317, шал оорусу менен ооругандар 49. Жалпы 366 бала.
Бала кезинен ДМЧ адамдар 535, жалпы оорусу боюнча 961, социалдык фонд тарабынан пенсия алган ДМЧ адамдар 1078.