Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2024-жылдын 5-ноябрындагы №712-т тескемесинин негизинде “Евразия” эл аралык кызматташтыкты өнүктүрүүгө көмөк көрсөтүү автономдуу коммерциялык эмес уюму тарабынан мектеп окуучулары үчүн мектеп автобусу бөлүнүп берилди.
Нарын районуна жалпы 4 кичи автобус бөлүнүп берилген.
4 кичи автобус төмөнкү айыл өкмөттөргө Учкун, Жерге-Тал, Миң-Булак жана Чет-Нура.
Эң алысы 20 км аралыктан Кара-Үңкүр аймагынан окуучулар автобус менен мектепке жеткирилет.
Президентибиз Садыр Жапаровго мектеп окуучуларына билим алууга ыңгайлуу шарттарды түзүп берип жаткандыгына терең ыраазычылык билдиребиз.
Бул абдан маанилүү жана керектүү кадам, ал окуучулардын коопсуздугун жана ыңгайлуулугун камсыздап, алыскы аймактарда билим алуунун жеткиликтүүлүгүн жакшыртууга жардам берет. Биз балдарга болгон көңүл бурууну жогору баалайбыз жана мындай демилгелер билим берүү жана социалдык инфратүзүмдүн өнүгүшүнө салым кошоруна ишенебиз.