РАЙОН АКИМИ УЧКУН АЙЫЛ АЙМАГЫНДА

Бүгүн, 29-ноябрда Нарын райондук мамлекеттик администрациясынын башчысы-аким Н.Мадимаров Учкун айыл өкмөтүнө караштуу Сары-Ой айылында иш сапарда болду.
Иш сапардын жүрүшүндө Жылан-Арык айылындагы маданият үйүндө Учкун айыл өкмөтүнүн башчысы А.Бектуров, АРИС уюмунун Нарын району боюнча башкы эксперти Ж.Мамбетжанова менен биргеликте эл менен жолугушуу болду.
Жолугушууда район акими облус, райондо жүргүзүлүп жаткан иштер боюнча кыскача маалымат берип, райондо заводдор, өнөр-жай ишканалары ачылып, жумуш орундары түзүлүп жатканын белгиледи.
Ошондой эле АРИС уюмунун Нарын району боюнча башкы эксперти Ж.Мамбетжанова Учкун айыл өкмөтүндө ишке ашкан долбоорлор тууралуу кыскача отчет берди .
Андан соң АРИС уюмунун АИД-3 Кошумча каржылоо долбоору тарабынан “Жылан-Арык-Алтын” бала бакчасы ремонттолуп, жылууланган.
Ремонттоо иштерине жалпы 2 млн 373 миң 490 сом бөлүнгөн. Мунун ичинен АРИС уюму тарабынан 2 175 000 сом, ал эми жергиликтүү бюджеттен 198 490 сом каржыланган .
Ошондой эле дем берүү гранттын эсебинен ушул эле бала бакчанын тамак-аш жасоочу ашканасы капиталдык ремонттон өткөрүлгөн.
Жалпы наркы 931 400 сомду түзүп,
Капиталдык ремонт иштери “Базалит групп” ЖЧК тарабынан жүргүзүлгөн.

Жооп калтыруу