НАРЫН РАЙОНУНУН АК-ТАЛАА АЙЫЛЫНДА КИЧИ ФУТБОЛДУК АЯНТЧА АЧЫЛДЫ

Бүгүн, 25-ноябрда Эмгек-Талаа айыл өкмөтүнө караштуу Ак-Талаа айылында Асанаалы уулу Калыйдулда атындагы кичи футболдук аянтча пайдаланууга берилди.
Иш-чарага Нарын райондук мамлекеттик администрациясынын башчысы-аким Н.Мадимаров, Эмгек-Талаа айыл өкмөтүнүн башчысы А.Ташболотов, айыл аксакалдары, К.Асанаалы уулунун жакындары, айыл тургундары катышты.
Ак-Талаа айылындагы кичи футболдук аянтча Нарын облустук “Теңир-Тоо өнүктүрүү фонду” тарабынан 2 млн 860 миң сомго каржыланган.
Курулуш иштерин “ЭлТехСтрой” жоопкерчилиги чектелген коому тарабынан ишке ашырылган.
Кичи футболдук аянтчанын курулуш иштери 2024-жылдын 10-августта башталып, ушул эле жылдын 25- октябрында аяктап, бүгүн пайдаланууга берилүүдө.
Салтанаттуу ачылышта район акими бул спорт аянтчасы айыл эли, жаштар үчүн пайдалуу болуусун каалап, аны курууга салым кошкон баардык инсандарга терең ыраазычылыгын билдирди.
Ошондой эле Эмгек-Талаа айыл өкмөтү тарабынан курулуштун ишине салым кошкон инсандар “Ардак грамота” жана “Ыраазычылык каты” менен сыйланышты.

Жооп калтыруу